Кыргызстанда иштеп жаткан күнөсканалардын саны 1,7 миңден ашты

2023-жылдын 11-сентябрына карата, республика боюнча иштеп аткан күнөсканалардын жалпы саны 1 миң 765 даананы түздү, ал эми ээлеген аянты 203,1 га жерге жетти. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Бишкектен Баткен жана Раззаков шаарларына авиакаттамдын саны көбөйдү

Бишкектин Баткен жана Раззаков шаарларына авиакаттамдардын саны көбөйтүлдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.
Кыргызстанда керектөө баалары жана тарифтер 5,5% өстү

Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында (мурунку жылдын декабрь айына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 5,5 пайызды түздү. Бул тууралуу брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.
Кыргызстанда ишкерлерге 4,38 млрд сомго каржылык колдоо көрсөтүлдү

Финансы министринин орун басары Руслан Татиков текстиль жана жеңил өнөр жай боюнча “Өнөр жайлык өз ара аракеттенүү-2023” бизнес-форумуна катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Кытайлык электромобил чыгарган компания Бишкекте тейлөө борборун ачат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна болгон жумуш сапарынын алкагында "BYD Co Ltd" электр автомобилдерин чыгаруучу корпорациясынын төрагасынын орун басары Иван Цао менен жолукту.
"Кыргызалтындын" таза кирешеси 2 эсе өстү

2023-жылдын I жарымында "Кыргызалтын" ААКтын таза кирешеси 636 млн 568 миң сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсеге өстү.
Чолпон-Ата шаарында кыргыз-азербайжан бизнес-форуму өтөт

26-27-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышууунда кыргыз-азербайжан бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Темир Сариев ишкер айымдар менен жолугушту

Бишкекте Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев ишкер айымдар менен жолугушуу өткөрүп, жаңы стартаптар, маалыматтык технологиялар жаатындагы долбоорлор, жаңы билим берүү платформаларын түзүү, кыргыздын кол өнөрчүлүк мурасын сактоо жана анын санариптик трансформациясы, экологиялык демилгелерди талкуулашты.
Кыргызстандын тышкы соодасынын көлөмү беш айда дээрлик $5,2 млрд түздү

Кыргызстандын товарларды тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2023-жылдын январь-майында 5,2 жакын млрд.АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.
Кыргызстанда бензин 57,2 сомго чейин кымбатташы күтүлүүдө

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында республиканын күйүүчү-майлоочу материалдар рыногунда иш алып барган ири нефтетрейдерлердин катышуусунда жумушчу жыйын өттү. Ведомстводон билдиришкендей, жыйында баа тармагындагы жагдайлар, ички рыноктун камсыздандырылгандыгы жана КММ рыногуна таасир этүүчү факторлор талкууланды.
Кыргызстан менен Малайзиянын ортосунда түз аба каттамы ачылышы мүмкүн

Кыргызстан менен Малайзиянын ортосунда түз аба каттамы ачылышы мүмкүн. Мындай мүмкүнчүлүктү Кыргызстандын тышкы иштер министри өлкөгө расмий сапар менен келген малайзиялык кесиптеши Замбри Абдул Кадир менен болгон эки тараптуу жолугушууда талкуулады. Жээнбек Кулубаевдин айтымына караганда, түз авиакаттамдын ачылышы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө шарт түзөт.
Асман шаарынын курулушуна салтанаттуу түрдө старт берилди

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ысык-Көл облусундагы Асман шаарынын курулушуна салтанаттуу түрдө старт берди. Иш-чара "Асман" шаарынын курулуш долбоору тууралуу видеороликти көрсөтүү менен башталды.
Бишкекте креативдүү индустриялар паркы ачылды

Креативдүү индустриялар паркынын расмий ачылышынын салтанаттуу аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.
Президент 30-июнда Асман шаарынын курулушуна старт берет

Президент Садыр Жапаров 30-июнда Ысык-Көлдүн жээгинде заманбап Асман экошаарынын курулушуна старт берет. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Байтикке 100 млн долларга тоо лыжа базасы курулат

үй облусунун Байтик айылынын үстүндөгү 1800 гектар жерге тоо лыжа базасы курулат. Долбоордун сметалык баасы 100 млн. долларды түзөт. Учурда долбоордун концепциясы иштелүүдө. Бул тууралуу “Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун” вице-президенти Абдисаит Каримбеков “Кабар” маалымат агенттигинин “Кабар LIVE” программасына курган маегинде билдирди.
Кыргызстандагы банктардын кредит портфелинин көлөмү 215,6 млрд сомду түздү

Банк тутумунда туруктуулук орун алып, экономикалык өсүшкө өбөлгө түзүү менен экономиканы кредиттөө иши улантылууда, деп билдирет Улуттук банктын басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, банк секторунун кардарларынын кредит портфелинин көлөмү 2023-жылдын 30-апрелине карата 215,6 млрд сомду түзгөн. Бул өз кезегинде 2022-жылдын акырына салыштырмалуу 5,7 пайызга көбөйгөндүгүн көрсөтүп турат.
Жыл башынан бери Кыргызстандан балды эң көп Кытай сатып алган

2013-жылдын январь-апрель айларында кыргыз балын эң көп Кытай сатып алган. Бул тууралуу маалымат Улуттук статистикалык комитеттин отчетунда келтирилет.
Январь-апрелде сыр жана быштак экспорту 1,9 эсеге өстү

2023-жылдын январь-апрель айларында сыр жана быштак экспортунун көлөмү 1,9 эсеге өскөн. Бул Улуттук статистика комитетинин маалыматы.
Кыргызстан Сауд Аравиясынан 20 миң литрден ашык суу импорттогон

Кыргызстан 2023-жылдын башынан бери Сауд Аравиясынан 20,2 миң литр минералдык суу алып келген. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.