Энергетика
“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды
Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүндө курулуп жаткан “Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды. 4 агрегаттуу суу электр станциясы саатына 4 МВт электр энергиясын иштеп чыгарат.
Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы Эсен Абдилатов "Исфайрам-1" кичи ГЭСинин курулушу бүтсө, айыл аймагында жумуш орундары түзүлүп, энергетикалык бир катар маселелер чечилерин Region телеканалына билдирди.
"Биздин айыл өкмөт инвесторлор менен тыгыз иш алып барабыз. "Ак-Буура" ЖЧКсы куруп жаткан "Исфайрам-1" кичи ГЭСи буга далилдүү мисал боло алат. Бул объект курулуп бүтүп калды".
Суу электр станциясында иштеп жаткан прораб Султанбек Өмүрзаковдун айтымында, аталган объекттин курулушу 2 жыл мурун башталган.
“Бул аралыкта узундугу 4 чакырым болгон атайын каналдын курулушун бүтүрдүк. Анын туурасы 5, ал эми бийиктиги 2,4 метр. Андан сырткары, суу топтолуучу бассейнди куруп бүтүп, миңдик трубаларды орноттук. Азыр машина залдарын куруп жатабыз. Кудай буюрса, план боюнча 2 айдын ичинде ишке берилиши керек”.
Кичи ГЭСтин курулушунда 20дан ашык жумушчу иштейт. Белгилей кетсек, “Исфайрам-1” кичи ГЭСин “Ак-Буура” ЖЧКсы инвесторлордун жардамы менен куруп жатат. Сметасы 3 миллион долларды түзөт.