Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

2023-жылдын 9-13-декабрь күндөрү “ORO JEWELRY EXPO” зер буюмдарынын II эл аралык көргөзмөсү өтөт. “ORO JEWELRY EXPO 2023” – Кыргызстандагы биринчи зергерчилик көргөзмөсү. Мында эксклюзивдик жана бюджеттик зер буюмдар көрсөтүлөт.

Careera & Careera, Grant Jewelry, Delta Diamonds, Maxim Demidov, Sanis, Kabarovsky жана башка дүйнөлүк бренддердин зер буюмдары көргөзмөгө коюлат. Ага 8 өлкөнүн: Кыргызстан, Италия, Испания, Казакстан, Россия, Австралия, Түркия жана Тибеттин зергердик компаниялары катышат. Иш-чарада Казакстандын эмгек сиңирген зергерлери, усталары жана эл аралык зергерчилик тармагынын өкүлдөрү чогулат.

Баалуу металлдардан жасалган 3 миңден ашык асыл жана жарым асыл таштар, табигый таштар менен жасалган зер буюмдар, нике шакектери, зергерлик сааттар, ашкана буюмдары жана баалуу металлдардан жасалган идиштер, жогорку көркөмдүктөгү интерьер буюмдары, костюмдук зер буюмдар көрсөтүлөт.

Иш-чаранын расмий өнөктөшү “Premio” компаниясы - премиум сапаттагы эркектердин кийими.

Көргөзмөнүн убактысы: 9-13-декабрь саат 10:00дөн 22:00гө чейин.

Расмий ачылыш аземи 2023-жылдын 9-декабрында саат 11:00дө болот.

Өтүүчү жери: Бишкек шаары, “Орион” мейманканасы, Эркиндик бульвары, 21

Көргөзмө КРдин соода-өнөр жай палатасы, КРдин Америкалык соода палатасынын расмий колдоосу менен өтөт.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон номурга байланышыңыз: +996 709 56 77 47,

e-mail: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

Көргөзмөнүн уюштуруучусу: “ORO Multibrand Jewelry” - Кыргызстандагы биринчи премиум мультибренддик дүкөндөр тармагы.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү