Кыргызстандын тышкы соодасынын көлөмү беш айда дээрлик $5,2 млрд түздү

Кыргызстандын товарларды тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2023-жылдын январь-майында 5,2 жакын млрд.АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.

Анын айтуусуна караганда, бул көрсөткүч 2022ыжылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 27,9 пайызга көбөйдү, мында экспорттук жөнөтүүлөр 21,9 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 29,2 пайызга көбөйдү.

"ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 2023-жылдын январь-майында 1,6 миллиардга жакын АКШ долларын түздү жана 2022-жылдын январь-майына салыштырмалуу 3 пайызга төмөндөдү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 10,6 пайызга көбөйгөн, ошол эле учурда импорттук келип түшүүлөр тескерисинче 8,3 пайызга кыскарган", - деди ал.

Төраганын биринчи орун басары кошумчалагандай, 2023-жылдын январь-майында республиканын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (64,4 пайыз) жана Казакстанга (33,2 пайыз) туура келди.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү