Бишкекте креативдүү индустриялар паркы ачылды

Креативдүү индустриялар паркынын расмий ачылышынын салтанаттуу аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.


“Ар кандай терс божомолдорго карабастан, президент башында турган министрлер кабинети өлкөнүн стабилдүүлүгүн жана ырааттуу өсүшүн камсыздап гана тим болбостон, “Кыргызстан эмне кыла алат” дегенди бүт дүйнөгө далилдей алды: биздин өлкөгө карата бардык стереотиптерди талкалай алдык – “кедей өлкө синдромунан арылдык”, - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Ал кошумчалагандай, “Учурда Кыргызстан өзүнүн өнүгүүсүнүн кийинки этабына активдүү өтүп жатат, анда өлкө калкынын 50%га жакыны жаштар”.

“Креатив прогресстин кыймылдаткычы. Ушул күндөн баштап биз Кыргызстандын бардык аймактарынан гана эмес, дүйнөнүн бардык бурчунан таланттуу, чыгармачыл, идеяларга жана энергияга толгон жаратуучуларды бириктире турган Креативдүү индустриялар паркын ишке киргизүү менен байланышкан Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнүн жаркын жана келечектүү этабын баштайбыз. Жыл бою мамлекетибиз чыгармачыл тармактардын өкүлдөрү менен бир командада Кыргызстанда “креативдик бурулуш” жасап жатат”, - деди Акылбек Жапаров.

Ал кошумчалагандай, Креативдүү индустриалар паркын өнүктүрүүгө Мамлекет башчынын “Кыргыз Республикасынын креативдүү экономикасын өнүктүрүү жана прогрессивдүү өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгы түрткү болгон.


Кошумчалай кетсек, бул Жарлыкты ишке ашыруунун алкагында бир топ иштер жасалды – Креативдүү экономиканы өнүктүрүү Концепциясы бекитилди, “Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө” Мыйзам кабыл алынды, Салык кодексине жана башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилди.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле дүйнөнүн төрт бурчунан келген жаратуучуларды Кыргызстандагы Креативдүү индустриялар паркынын бир бөлүгү болууга чакырды.

“Креативдүү индустриялардын жаркын мисалы - Dbillions чыгармачыл тобу. Алар дүйнөлүк жылдыздарга жана Кыргызстандын сыймыгына айланышты. Бул биздин өлкөбүздүн жана бүгүнкү күндө катышып жаткан ар бир адамдын эбегейсиз зор потенциалын ырастап турат. Мен сиздерди долбоорлоруңузду илгерилетүү жана түзүү аркылуу бул потенциалды түзүүгө жигердүү жана шыктануу менен катышууну улантууга чакырам. Мамлекет өз кезегинде “Жаратман Кыргызстан” брендин алдыга жылдыруу үчүн шарттарды түзүп, жарандардын чыгармачылык потенциалын ачууга жана дүйнөдөгү суроо-талапка ээ болгон инновациялык продукцияны түзүүгө көмөк көрсөтөт. Кыргызстан заманбап өнүгүү жана креативдүү экономика жаатында дүйнөдө “биринчи” болуу үчүн чоң потенциалга ээ”, - деп баса белгиледи Акылбек Жапаров.

Сөзүнүн аягында министрлер кабинетинин башчысы Креативдүү индустриялар ассоциациясына “өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн жигердүү жаратман иштери үчүн” ыраазычылык билдирди.

“Креативдүү индустриялар парк жаңы идеялар жаралган, стартаптар ачылган жана өлкөбүзгө көрүнүктүү прогрессти жана гүлдөп-өнүгүүнү алып келе турган өнүккөн жайга айланат деп ишенебиз. Ал шыктануунун, өсүүнүн жана ийгиликтин булагы болуп калсын!” — деп жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү