Кыргызстан Сауд Аравиясынан 20 миң литрден ашык суу импорттогон
Кыргызстан 2023-жылдын башынан бери Сауд Аравиясынан 20,2 миң литр минералдык суу алып келген. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Суунун бир литрин 0,7 доллардан сатып алган. Жалпы импорт 14,7 миң долларды түзгөн.
Улуттук статистика комитетинин маалыматында, Кыргызстан акыркы жолу Сауд Аравиясынан 2018-жылы – 1,2 миң литр суу импорттогон.
2023-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстанга импорттолгон минералдык суунун көлөмү 4,6 эсеге кыскарган. Дээрлик 70% Казакстандан ташылган.
Ошондой эле, минералдык суулар төмөнкү өлкөлөрдөн сатып алынат:
- Грузия — 156,6 миң литр;
- Турция — 145,6 миң литр;
- Россия — 137,6 миң литр;
- Өзбекстан— 63,1 миң литр;
- Сауд Аравиясы — 20,2 миң литр;
- Литва — 5,3 миң литр;
- Латвия — 900 литр.