Байтикке 100 млн долларга тоо лыжа базасы курулат
үй облусунун Байтик айылынын үстүндөгү 1800 гектар жерге тоо лыжа базасы курулат. Долбоордун сметалык баасы 100 млн. долларды түзөт. Учурда долбоордун концепциясы иштелүүдө. Бул тууралуу “Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун” вице-президенти Абдисаит Каримбеков “Кабар” маалымат агенттигинин “Кабар LIVE” программасына курган маегинде билдирди.