Январь-апрелде сыр жана быштак экспорту 1,9 эсеге өстү
2023-жылдын январь-апрель айларында сыр жана быштак экспортунун көлөмү 1,9 эсеге өскөн. Бул Улуттук статистика комитетинин маалыматы.
4 ай ичинде 860,8 тонна продукция экспорттолгон. Бул былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 2 эсеге көп.
Продукция үч мамлекетке экспорттолгон:
- Казакстан – 674,7 тонна;
- Россия – 162,8 тонна;
Өзбекстан – 23,3 тонна.