Кыргызстанда бензин 57,2 сомго чейин кымбатташы күтүлүүдө

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында республиканын күйүүчү-майлоочу материалдар рыногунда иш алып барган ири нефтетрейдерлердин катышуусунда жумушчу жыйын өттү. Ведомстводон билдиришкендей, жыйында баа тармагындагы жагдайлар, ички рыноктун камсыздандырылгандыгы жана КММ рыногуна таасир этүүчү факторлор талкууланды.

Жыйынтыгында ички рынокту толтуруу жана өзгөчө дизель отунуна болгон баа жагдайын стабилдештирип, бааны төмөндөтүү максатында, нефтетрейдерлер тарабынан колдоого алынган төмөнкүдөй сунуштар берилди:

  • чектөө жана жылмакай баа саясатын жүргүзүүнү улантуу;
  • "Кыргыз Петролеум Компани" ЖАК («Кыргызнефтегаз» ААК) ата мекендик мунайды кайра иштетүүчү заводу менен дизелдик отун сатып алуу боюнча келишимдерди түзүү маселесин кароо.

Белгилей кетсек, азыркы учурда республика боюнча күйүүчү-майлоочу материалга болгон орточо баа төмөнкүдөй:

  • АИ 92 – 57,2 сом/литр;
  • ДО – 70,3 сом/литр;

ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде жана коңшу мамлекеттерде КММга жана суютулган көмүрсуутек газына (Автогаз) болгон орточо салыштырмалуу баалар төмөнкүдөй:

Ошондой эле 2023-жылдын 1-июлунан тартып СКГга (автогазга) акциздик салык тоннасына 3000 сом өлчөмүндө киргизилгендигине байланыштуу, автогазга болгон баа литрине 1,8 сомго чейин көтөрүлөрү күтүлүп жатат.

 

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү