Бишкектен Баткен жана Раззаков шаарларына авиакаттамдын саны көбөйдү

Бишкектин Баткен жана Раззаков шаарларына авиакаттамдардын саны көбөйтүлдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.

Облус башчысы күн мурун "Тез Жет" авиакомпаниянын жетекчилиги менен жолуккандыгын айтты. Анда Баткен шаарына авиакаттамдын санын көбөйтүү жана билеттин баасын түшүрүү боюнча талкуу болгон. Жыйынтыгында аталган авиакомпания "Манас" аэропортунан Баткен шаарына бир жумада эки жолу каттам кылып бермей болду.

Тактап айтканда, Баткен шаарына жумасына 2 жолу (шаршемби, жекшемби), ал эми Раззаков шаарына жумасына 3 жолу (шейшемби, бейшемби, ишемби) үзгүлтүксүз каттам жүргүзүлөт. Бишкек-Баткен багыты боюнча биринчи аба каттам 13-сентябрдан (шаршемби) башталат.

"Ал эми авиабилеттин баасы бүгүнкү күнгө чейин 6 000 сом болуп келген болсо, мындан ары Баткен шаары жана Раззаков шаары үчүн да 5 500 сомго чейин боло турган болду. Ошондой эле, авиакассалардын өздөрүнүн кошумча кызмат акысын кошкондо жалпы авиабилеттин баасы 5 750 сомго чейин болот. Андан 1 тыйын да ашпашы керек. Эгерде коюлган баадан аша турган болсо, сөзсүз түрдө авиакомпанияга кайрылуусу керек", - деп кошумчалады облус башчысы Абдикарим Алимбаев.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү