Дэвид Лахдир БААУнун окутуу-конструктордук борборунун курулушуна капсула салды

2024-жылдын 21-февралында БААУнун Кам көрүүчүлөр кеңешинин төрагасы Дэвид Лахдир курулуп жаткан БААУнун Окутуу-конструктордук борборунун Makerspace Learning and Design Center of AUCA имаратынын курулушуна капсула салды. Бул БААУ менен Бард Колледждин биргелешкен долбоору АКШнын Эл аралык өнүтүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосу менен ишке ашырылууда.
Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Бүгүн эртең менен Ысык-Көл облусунун бир катар айылдарында жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти. Жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында — Бедел айылынан 36 чакырым түштүк-чыгышта, Ыштык айылынан 41 чакырым түштүк-чыгышта, Каракол шаарынан 137 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан. Жердин силкинүүсү Кыргызстандын Бедел айылында 4 балл, Ыштак айылында жана Кумтөр кенинде 3 баллга жеткен.
"Бир алкак - бир жол" даректүү тасмасынын бет ачары болду

Бүгүн Бишкекте "Бир алкак - бир жол" даректүү тасмасынын премьерасы болду. Фильм «Бир алкак - бир жол» демилгесинин 10 жылдыгына арналып тартылган. Иш-чарага Кытай эл республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь айым, Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев жана тиешелүү тармактардын адистери катышты.
Ошто окуучулардын аскердик даярдыгы бекемделип, спорттук мелдеш өттү

Мекенди коргоо эң ыйык милдет! 2023-жылдын 17-ноябрь күнү Ош шаарындагы Кыргыз Республикасынын коргоо министрлигине караштуу ок атуучу машыгуу полигон талаасында мектеп окуучулары арасындагы «Мыктыгер» аскердик-патриоттук, спорттук жана тарбиялык мелдеши болуп өттү.
“Салам, Европа” тасмасы Ошто көрсөтүлдү

Режиссер Руслан Акун тарткан “Салам, Европа” тасмасы Оштогу “Нур” кинотеатрында көрсөтүлдү. Тасма көрүүчүлөрдүн жылуу пикирине, мактоосуна татыды. Башкы ролдорду КРдин эл артисти, дүйнөлүк масштабдагы актриса Айтурган Темирова менен Казакстандын эмгек сиңирген артисти Бауржан Каптагай ойногон. Легендарлуу кыргыз актрисасы киного тартылуу үчүн атайын Чехиядан Кыргызстанга келген.
Полковник Жеңишбек Жоробеков эң мыкты жетекчи катары бааланды

"Турмуш" маалымат булагы "7 облустун милициясын жетектеген генерал-майор жана полковниктер: кимиси мыкты?" деген сурамжылоо жүргүзүп, 1-ноябрь ИИМдин кесиптик майрамына карата жыйынтыгын чыгарды. Сап башына Ош ОИИБ начальниги Жеңишбек Жоробеков озуп чыгып, эл тарабынан жогору бааланды. Экинчи орунду Баткен ОИИБ башчысы Мурат Боронов багындырса, үчүнчү тизмеге Жалал-Абад ОИИБ начальниги Жеңиш Абитов илинген. Албетте, бул көрүнүш коомчулуктун тандоосу. Бийликте бел боло турган жетекчилер эмгектенсе, алар бааланышы шарт.
Кыргызстандыктар беш күн катары менен эс алышат

Ноябрдын башында кыргызстандыктар 5 күн катары менен эс алат. Бул жылы 7-8-ноябрь - Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү шейшемби жана шаршемби күндөргө туш келет. Мындан мурда министрлер кабинети 6-ноябрь - иш күнүн (дүйшөмбү) 11-ноябрга жылдырууну бекиткен.
Салымбеков тойдогу чыгымдарды кыскартуу боюнча сунуш берди

Коомдук ишмер жана меценат Аскар Салымбеков той-аштардагы чыгымдарды кыскартуу боюнча сунушун Facebook баракчасына жазды. Ал үйлөнүү тойлорун баса белгилеп, анын форматын да өзгөртүү жөнүндө сунушун берди.
Күрөш федерациясы спортчуларга акчалай сыйлыктарды тапшырды
1-ноябрда Күрөш федерациясы ушул жылы эл аралык ири мелдештерде – дүйнө биринчилигинде, Азия оюндарында жана башка эл аралык турнирлерде жеңишке жеткен спортчуларды сыйлады.
Жеңишбек Жоробеков мыкты милиция башчысы деп табылды

Акипресс Turmush басылмасынын окурмандарынын сурамжылоосунун негизинде ички иштер органдарынын кызматкерлери арасында өткөрүлгөн «Мыкты милиция башчысы» сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. 6611 упай менен Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков алдыга чыкты.
Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү
28-октябрда чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын биринчи чемпиондугу болуп өттү. Ага “Чүй”, “Жалал-Абад”, “Ысык-Көл”, “Нарын”, “Бишкек” жана “Дордой” болуп, жалпы алты команда катышты.
Түп районунда 1,5 миң орундуу жаңы мечит ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Түп районунун Кең-Суу айылындагы мечиттин ачылышына катышты.
Бишкекте тарыхый инсандар жети акенин портреттери көрсөтүлөт

2023-жылдын 28-октябрь күнү Бишкек шаарында XVIII-XIX-XX-кылымдарда көл өрөөнүнүндө жашап өткөн тарыхый инсандар - жети акенин кайрадан жаңыланып, изилденип, өзгөчө чеберчилик менен тартылган чоң масштабдагы жети портрети "7" деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсү ачылат.
Кыргыз спорт ишмерлери бейформал жолугушуу өткөрдү

Кыргызстандагы спорт федерациялардын жетекчилери бейформал жолугушуу өткөрдү. Кезектеги иш-чара XIX жайкы Азия оюндарындагы кыргыз спортчуларынын ийгиликтерине арналды. Аны КРдин Күрөш федерациясы уюштурду.
Кыргызстан-Кытай: Телерадиоберүү жаатында кызматташуу өнүгүүдө

20-октябрдан 20-ноябрга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы, DTV жана Кытай Эл аралык байланыш борбору биргеликте уюштурган “Жибек жолундагы он жыл” кытай тасмаларынын жана телепрограммаларынын атайын көргөзмөсү көрсөтүлүүдө.
Ош: Сары-Ташта милициянын жаңы имараты ишке берилди

20-октябрь күнү Алай районунун Сары-Таш айыл аймагында жаңыдан курулган 5 бөлмөлүү айылдык милиция бөлүмчөсү пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Бишкекте көмүртектик нейтралдуулукка жетишүү боюнча илимий конференция өтөт

"КРдин 2050-жылга чейин көмүртектик нейтралдуулукка жетишүүсүнүн перспективалары жана мүмкүнчүлүктөрү" темасында өтө турган илимий-изилдөө конференциясына окумуштууларды, окутуучуларды, илимий-изилдөө институтунун кызматкерлерин, докторанттарды, магистранттарды, студенттерди жана кызыкдар тараптарды чакырабыз.
Жогорку Кеңеште Палестинага жардам көрсөтүү талкууланды

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында атайын эсеп ачуу менен палестиналыктарга жардам көрсөтүү сунушталды. Эл өкүлү Жаныбек Кыдыкбаев кесиптештерин бир күндүк маянасын палестин элине которууга чакырды.
Камакка алынган Ахрор Иминовдун өмүр баяны

Грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Иминов Ахрор Хикматиллаевич уюшкан кылмыштуу топту каржылаганы үчүн кармалганын УКМК билдирди.
«Жылдын мыкты мугалими» сынагы жыйынтыкталды

Кыргызстанда 2022-2023-окуу жылындагы «Мыкты мугалим», «Мыкты тарбиячы» жана «Мектептен тышкаркы кошумча билим берүүчү мыкты мугалим» наамдарына талапкерлердин сынагынын республикалык этабы жыйынтыкталды.
Кыргызстан менен Кытайдын кинодогу кызматташтыгы

Бүгүн, 3-август күнү Бишкекте «Кыргызстандын жана Пекин шаарынын көрүнүктүү тасмаларынын жана теледрамаларынын чет элдик көргөзмөлөрүнүн сезону» иш чарасы өттү. Иш-чара Пекинде оффлайн, ал эми Кыргызстанда онлайн тартипте болду.
Биринчи айым "Ала-Тоо симфониясы" жайкы чыгармачыл мектебин ачты

Чолпон-Ата шаарындагы "Алтын балалык" реабилитациялык комплексинде 24-июлда биринчи айым Айгүл Жапарованын колдоосу менен "Ала-Тоо симфониясы" аттуу биринчи жайкы чыгармачыл мектебинин салтанаттуу ачылышы болду.
Ошто милиция кызматкерлеринин апалары сыйланды

Ош облустук ички иштер башкармалыгында милиция кызматкерлеринин апалары "Мээримдүү айым" медалы менен сыйланышты. Маалыматты аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Ош ОИИБ: Балдарды сууга түшүрүүдө коопсуздукту сактайлы

Ош облусунда балдардын сууга түшүүдөгү этиятсыздыгынан жыл сайын ондогон өспүрүмдөр каза болот. Ош облустук ички иштер башкармалыгы эскертет: балдарды кооптуу каналдарга, бассейндерге өзүн жалгыз жибербеңиз! Эскерте кетсек, 2020-жылы - 15, 2021-жылы - 19, 2022-жылы - 14 өспүрүм сууга чөгүп көз жумган.
“Ала-Арча” көрүстөнүндө Болотбек Шамшиевдин эстелиги ачылды

“Ала-Арча” тарыхый-мемориалдык көрүстөнүндө Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты, СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти, драматург, кинематограф Болотбек Шамшиевдин эстелиги ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.
Ала-Арча көрүстөнүндө Болотбек Шамшиевдин эстелиги ачылат

5-июлда Ала-Арча көрүстөнүндө белгилүү кинорежиссер, СССРдин жана Кыргызстандын эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Болотбек Төлөнович Шамшиевдин эстелигин ачуу аземи болот.
КР УИАнын Сейсмология институтунун жаңы имараты ачылды

Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун жаңы имаратынын салтанаттуу ачылышы болду. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Маалыматты министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Борбор Азиянын лидер аялдары Астанада жолугушту

Борбор Азиянын лидер аялдары Астанада жолугушту. 19-июнда өткөн диалог “Инновацияларды жана технологияларды өнүктүрүүдө аялдардын ролу” деп аталды. Анда, инновация жана технологияны өнүктүрүү жөнүндө талкуу болду. Бул тууралуу gazeta.uz жазды.