Жогорку Кеңеште Палестинага жардам көрсөтүү талкууланды
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында атайын эсеп ачуу менен палестиналыктарга жардам көрсөтүү сунушталды. Эл өкүлү Жаныбек Кыдыкбаев кесиптештерин бир күндүк маянасын палестин элине которууга чакырды.
Ал эми Жалолиддин Нурбаев палестиналыктарга жардам берүү үчүн Тышкы иштер министрлигине атайын эсеп ачууну сунуштап: “Кыргызстан элинин атынан Палестинада кыйналып жаткан боордош туугандарыбызга жардам катары жөнөтсөк", - деди
Спикер Нурланбек Шакиев кайдыгер карабай, сөзсүз түрдө Палестинага гумжардам жөнөтүү керектигин белгиледи. Ошондой эле ал Кыргызстан согушту каалабаган, тынчтыкты сүйгөн эл экенин айтып, согуштун токтошун жана бардык маселе дипломатиялык жол менен чечилишин талап кыларын билдирди.
Айбек Осмонов: “Биздин мусулман бир туугандарыбыз, аялдар жана балдар көчөдө калышты. Суу жок. Бизге жардам бергиси келгендер кайрылып жатышат. Балким, коридор уюштуруп, гуманитардык жардам жөнөтөлү. Жогорку Кеңеш өз позициясын билдириш керек”, - деди.