Ош ОИИБ: Балдарды сууга түшүрүүдө коопсуздукту сактайлы
Ош облусунда балдардын сууга түшүүдөгү этиятсыздыгынан жыл сайын ондогон өспүрүмдөр каза болот. Ош облустук ички иштер башкармалыгы эскертет: балдарды кооптуу каналдарга, бассейндерге өзүн жалгыз жибербеңиз! Эскерте кетсек, 2020-жылы - 15, 2021-жылы - 19, 2022-жылы - 14 өспүрүм сууга чөгүп көз жумган.
Ош облустук ички иштер башкармалыгы атайын таасирдүү кыскача ролик тарткан.
Сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелери:
- Агын сууларга, көлмөлөргө түшүүгө тыюу салынат;
- Сууга чоңдордун, ата-энелердин көзөмөлүндө гана түшүү керек;
- Мурда көрүп-билбеген, балыры көп жерге түшүүгө болбойт. Суунун тереңдиги көрүнбөйт. Бутка оролгон балыр сууга түшүүгө тоскоолдук жаратып, чөгүп кетүүгө жол ачат.
- Алыс сүзүүгө болбойт;
- Мас болуп сууга түшкөнгө болбойт;
- Баланы суу боюнда кароосуз калтырбагыла;
- Кайык, моторлуу кайыктын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;
- Күн бүркөө же катуу шамал башталганда сууга түшүүдөн абайлагыла;
- Үйлөмө матрац, жаздыкча, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт. Ал жарылып кетсе, адам терең жерге түшүп кетүүсү ыктымал.