Бишкекте көмүртектик нейтралдуулукка жетишүү боюнча илимий конференция өтөт

"КРдин 2050-жылга чейин көмүртектик нейтралдуулукка жетишүүсүнүн перспективалары жана мүмкүнчүлүктөрү" темасында өтө турган илимий-изилдөө конференциясына окумуштууларды, окутуучуларды, илимий-изилдөө институтунун кызматкерлерин, докторанттарды, магистранттарды, студенттерди жана кызыкдар тараптарды чакырабыз. 

Конференция 2023-жылдын 20-октябрь күнү Борбордук Азиядагы Америка университетинин 4-кабатындагы жыйындар залында болот. Убактысы: 09:00 - 17:00. 


Иш-чара БУУнун Кыргызстандагы Өнүктүрүү программасы тарабынан Кыргызстандын Жашыл альянсы, Green4, Жашыл экономика жана туруктуу бекем өнүктүрүү үчүн ЖОЖдордун альянсы менен БААУ Center for Civic Engagement менен өнөктөштүктө уюштурулууда.


Конференциянын тематикалык багыттары - төмөнкү секторлордо көмүртектик нейтралдуулукка жетишүү:
• Айыл-чарбасы;
• Токой чарбасы жана жана био ар тараптуулук;
• Жер иштетүүнүн башка түрлөрү;
• Энергетика;
• Суу ресурстарынын, өзгөчө кырдаалдардын өз-ара аракеттенишүүсү, соода-сатык коопсуздугу;
• Гендердик аспектилер жана башкалар.


Конференция кыргыз, орус, англис тилдеринде өтөт. 


БААУнун жана анын Инновациялык колледжинин окутуучулары менен кызматкерлеринин билдирүүлөрүнүн топтому орун алат. Конференция БУУнун Өнүктүрүү программасынын “Улуттук деңгээлде салымды аныктоо жана көмүртектик нейтралдуулуктун 2050-жылга чейинки узак мөөнөттүү стратегиялык  планын ишке ашырууну” иштеп чыгуу боюнча “Климаттык перспектива” долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү