«Жылдын мыкты мугалими» сынагы жыйынтыкталды

Кыргызстанда 2022-2023-окуу жылындагы «Мыкты мугалим», «Мыкты тарбиячы» жана «Мектептен тышкаркы кошумча билим берүүчү мыкты мугалим» наамдарына талапкерлердин сынагынын республикалык этабы жыйынтыкталды.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, Бишкек шаарында өткөн сыйлык тапшыруу аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Догдуркул Кендирбаева жана билим берүү тармагынын кызматкерлери катышты.

Эдил Байсалов мугалимдерди кесиптик майрамы – Билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, мугалимдик кесиптин ардактуулугун, ошол эле учурда аларга татыктуу келечек муунду тарбиялоодо чоң жоопкерчилик артылгандыгын белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары 2022-2023-окуу жылынын “Жылдын мыкты мугалими”, “Жылдын мыкты тарбиячысы” жана “Мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн мыкты мугалими” конкурстарынын жеңүүчүлөрүнө баалуу белектерди жана сыйлыктарды тапшырды.

Республикалык сынакта 1-орунга ээ болгон төмөнкү мугалимдерге акчалай сыйлык, Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы жана диплому тапшырылды:

Ош шаарынын № 37 Гапар Айтиев атындагы орто мектебинин англис тил мугалими Элнура Алекова – “Жылдын мыкты мугалими” республикалык конкурсунда 1-орунду ээлеген;

Бишкек шаарындагы Биринчи май районунун №11 “Ак-кеме” мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Таттыбүбү Мамбеткулова –“Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык конкурсунда 1-орунду ээлеген;

Баткен облусунун Лейлек районундагы “Баластан” балдар билим берүү, чыгармачылык борборунун мугалими Баходир Ишанкулов – “Мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн мыкты мугалими” республикалык конкурсунда 1-орунду ээлеген.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү