Ош: Сары-Ташта милициянын жаңы имараты ишке берилди

20-октябрь күнү Алай районунун Сары-Таш айыл аймагында жаңыдан курулган 5 бөлмөлүү айылдык милиция бөлүмчөсү пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

 

Бул имарат жеке ишкерлердин демөөрчүлүгү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржылоосу менен тургузулду. Айылдык милиция бөлүмчөсү интернетке туташтырылып, жылуулук түтүктөрү орнотулган.

Сары-Таш айылы район борборунан алыс жайгашкан. Бул аймакта кыш мезгили дээрлик 7 айга чейин созулуп, жаратылышы катаал. 

Аталган айыл аймагы чыгыш тарабынан Кытай, түштүк тарабынан Тажикстан менен чектешет. Анда эмгектенген айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери 3 айыл өкмөттүн 6 айылында коопсуздукту камсыз кылышат.

Жаңы милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн имаратын куруу Ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун ички иштер органдарынын иштөө шартын жакшыртуу менен жарандарга сервисттик тейлөө көрсөтүү боюнча койгон тапшырмаларын аткаруунун алкагында ишке ашырылды. Жыл башынан бери Өзгөн, Ноокат жана Араван райондорунда да жаңы милициянын аймактык пункттары курулуп, пайдаланууга берилген.

Ачылуу аземине Ош облустук ички иштер башкармалыгынын, райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл тургундары жана Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы катышты.

Башкармалыктын башчысы Жеңишбек Жоробеков имаратты курууга жакындан жардам көрсөткөн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, демөөрчүлөргө жана коомчулукка ыраазычылык билдирип, башкармалыктын атынан сыйлыктарды тапшырды. Ошондой эле, жаңы имараттын курулушу менен жергиликтүү тургундар мындан ары арыз-даттануулары же чечилбеген көйгөйлүү маселелери боюнча район борборуна барбай эле, түз ушул жерге кайрылуусуна шарт түзүлгөнүн белгиледи.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү