Ошто окуучулардын аскердик даярдыгы бекемделип, спорттук мелдеш өттү

Мекенди коргоо эң ыйык милдет! 2023-жылдын 17-ноябрь күнү Ош шаарындагы Кыргыз Республикасынын коргоо министрлигине караштуу ок атуучу машыгуу полигон талаасында мектеп окуучулары арасындагы «Мыктыгер» аскердик-патриоттук, спорттук жана тарбиялык мелдеши болуп өттү.

 

Мектеп окуучулары арасында уюштурулган мелдешке областтын аймагындагы 7 райондон 7 команда: ар бир командада 20 улан-кыз катышты. Аталган иш-чаранын негизги максаты - окуучулардын алгачкы аскерге чейинки даярдыгын, мекенин жана жерин сүйүү, коргоо сезимин жогорулатуу, тартибин жана бири-бирине болгон мамилесин бекемдөө.

Мелдештин катышуучуларын областын администрациялык жана укук коргоо, аскердик курамынын жетекчилери куттукташты жана күжүрмөндүүлүк менен чыдамдуулукту талап кылган мелдеш таймаштарына ийгилик каалашты. Бул сынактын алкагында өздөрүнүн күжүрмөн даярдыгын командалык топ менен биргеликте аракеттенүүнү, алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнү, саптык ырааттуулукту, күжүрмөн самбонун жакындан коргонуу ыкмаларын, тиешелүү куралдарды колдонуу жана атууну, аскердик, саптык ырларды жана башка көнүгүүлөрдү өтүү менен бирге аскердик кийим-кечесине жана тартибине көнүл бурулду.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Кара-Кулжа районунун, 2-орунду Араван районунун жана 3-орунду Ноокат районунун командасы ээледи. Катышкан бардык командаларга КР ИИМ "ДИНАМО" уюму жана Ош облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан кубок, диплом, медаль, ыраазычылык кат жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү