Саясат

Президент ЖРТ боюнча "Алтын сертификат" ээлерин сыйлады

Президент Садыр Жапаров республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча "Алтын сертификаттардын" ээси болгон мектеп бүтүрүүчүлөрүн сыйлады.  Мамлекет башчысы билим уясынан ийгиликтүү учуп чыгып, турмуш жолуна аттанган бүтүрүүчүлөрдү Жусуп Баласагындын саптарын келтирип, куттуктады. “Улуу ойчул бабабыздын “Билим бийик түгөнбөс, окуу — улук, адамда – ушул эки артыкчылык” деген накыл кебиндей, мектепте алган билимиңер жашооңордун бекем пайдубалы болуп, өмүр бою артыкчылык берет”, - деди Садыр Жапаров.

Толугу менен...

Садыр Жапаров Монголияга мамлекеттик сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров 9-11-июлда өлкөнүн президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун чакыруусу менен Монголияга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Толугу менен...

Миграция чөйрөсүндөгү бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөр кирди

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Тышкы миграциясы жөнүндө”, “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Толугу менен...

Жээнбек Кулубаев БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлүн кабыл алды

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберленди миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты.

Толугу менен...

Президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлүнө сөгүш жарыяланды

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Иманбетов Илияз Жеңишовичке сөгүш берилди. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.

Толугу менен...

КР жана Малайзия ТИМдеринин ортосунда эки тараптуу кызматташуу боюнча ниет катына кол коюлду

Кыргызстан менен Малайзиянын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Замбри Абдул Кадир сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки тараптуу кызматташуу боюнча ниет катына кол койду.

Толугу менен...

Президент Ысык-Көлдү тазалоонун жүрүшү менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ысык-Көлдү балык кармоочу торлордон жана көлдүн акваториясын таштандылардан тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Мамлекет башчысы өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана ӨКМдин суучулдар тобу менен биргеликте аткарылып жаткан иштерди жеке өзү текшерди.

Толугу менен...

Жогорку Кеңештин депутаттары АКШнын элчиси Лесли Вигери менен жолугушту

Бүгүн Улугбек Ормонов баштаган Жогорку Кеңештин “Ишеним” фракциясынын депутаттары Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтыкка тиешелүү маселелер талкууланды.

Толугу менен...

Акылбек Жапаров: БААУ менен УИАнын кызматташтыгы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн үлгүсү

26-июнда Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун жаңы имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болду. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров катышты.

Толугу менен...

Айбек Молдогазиев Улуу Британиянын элчисин кабыл алды

Бүгүн, 27-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулерди ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырганына байланыштуу кабыл алды.

Толугу менен...

Төрага Шакиев Казакстандын президенти Токаев менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстандагы расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Толугу менен...

Чолпон-Атада КМШ ПААнын Контролдук-бюджеттик комиссиясынын кезектеги отуруму өттү

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Контролдук-бюджеттик комиссиясынын кезектеги отуруму өттү.

Толугу менен...

2021-жылы чек ара чырынан жабыр тарткан баткендик ишкерлердин бюджеттик кредиттер боюнча карыздары кечирилди

Президент Садыр Жапаров “2021-жылдын 28–30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине берилген бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Толугу менен...

Садыр Жапаров: Кыргызстан Германия менен активдүү кызматташууну колдойт

Бүгүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапар менен келген Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин сүйлөшүүлөрү болду.

Толугу менен...

Акылбек Жапаров Борбордук Азия мамлекеттери боюнча баңгизат саясаты комиссиянын төрагасын кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чыгыш жана Борбордук Европа, ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттери боюнча баңгизат саясаты комиссиянын төрагасы Александр Квасьневскийди кабыл алды.

Толугу менен...

Министрлер кабинетинде Бишкектеги экологиялык абалды жакшыртуу маселелери талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров алдыдагы жылытуу мезгилинде экологиялык абалды жакшыртуу жана борбор калаада түтүндү болтурбоонун алдын алуу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Толугу менен...

Президент жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жөнүндөгү мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, мыйзам 2023-жылдын 4-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Толугу менен...

Кыргызстанда электр самокатын тебүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты

Кыргызстанда электр самокатын тебүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө кененирээк Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев айтып берди.

Толугу менен...

Баткен облусунан 717 киши ажылык сапарына жөнөп кетти

Ажылык сапарга аттангандарды Кызыл-Кыя шаарынан узатышты. Алар “Ош” эл аралык аба майданынан учуп кетишти. Быйыл Баткен облусунан 700 киши ажылык сапарына аттанган, аларды 17 ажы башчылар коштоп кетишти.

Толугу менен...

Садыр Жапаров Кербендеги "Караван" аэропортун модернизациялоо иштери менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Аксы районунун Кербен шаарында жайгашкан "Караван" аэропортун модернизациялоо долбоорунун аткарылышы менен таанышты.

Толугу менен...

Садыр Жапаров Кыргызстан менен Ирандын курамаларынын футбол беттешине барды

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өткөн Кыргызстан менен Ирандын улуттук курама командаларынын ортосундагы футболдук беттешине барды.

Толугу менен...

Палестинанын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Палестинанын тышкы иштер министри Рияд Аль-Малики Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Анын визити ушул жылдын август айына пландаштырылган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Палестина Мамлекетинин президенти Махмуд Аббас менен болгон жолугушуусунда маалым болду.

Толугу менен...

Баткен районунда 315 үйдүн курулушу аяктады. Акылбек Жапаров алардын сапаты менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Баткен районуна караштуу Капчыгай, Ак-Сай, Достук айылдарындагы курулуп бүткөн үйлөрдүн сапаты менен таанышты.

Толугу менен...

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү