Саясат

Жогорку Кеңештин депутаттары АКШнын элчиси Лесли Вигери менен жолугушту

Бүгүн Улугбек Ормонов баштаган Жогорку Кеңештин “Ишеним” фракциясынын депутаттары Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтыкка тиешелүү маселелер талкууланды.

Алгач фракция лидери Улугбек Ормонов Лесли Вигерини Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Муну менен катар парламенттер аралык байланышты чыңдоо зарылчылыгына токтолду. Анын ичинен тажрыйба алмашуу жана биргелешип иш алып баруу маселелерин көтөрдү.

Өз кезегинде, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында эки өлкөнүн алакасын арттырууга басым жасарын айтып, анын ичинен экономика, айлана-чөйрөнү коргоо жана билим берүү жаатында тийиштүү иштерди жүргүзөрүн кошумчалады.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү