Саясат

МБК августта 9,77 млрд сом бажы төлөмдөрүн чогултту

2023-жылдын август айына (2023-жылдын 1-сентябрынын абалына карата) Мамлекеттик бажы кызматы (МБК) республикалык бюджетке 9,77 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыз кылды. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул айына салыштырмалуу 2,2 млрд сомго көп.

Толугу менен...

Садыр Жапаров Абдикарим Алимбаевди кабыл алды

Президент Садыр Жапаров президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевди кабыл алды. Абдикарим Алимбаев аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталган, тактап айтканда, Баткен облусундагы инфраструктураны жакшыртуу, социалдык объекттерди куруу, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу отчет берди.

Толугу менен...

Корея Кыргызстандын темир жол тармагына гранттык каражат бөлүүдө

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Акуналы Досалиев "Түштүк Кореянын Улуттук темир жолу" ишканасынын эл аралык иштер боюнча башкы менеджери Юн Чи-Ман менен жолукту.

Толугу менен...

Кыргызстан тарыхта биринчи жолу улуттук паспорт чыгара баштады

Кыргызстан тарыхта биринчи жолу жарандары үчүн улуттук паспорт басып чыгара баштады. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. Анын айтымында, жыл башында президент Кыргызстанда жарандардын улуттук паспортторун басып чыгаруу жакында ишке кирерин билдирген.

Толугу менен...

Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы өз ишин баштады

Бүгүн Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын кезектеги сессиясынын ачылышы болду. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин сессиясын ачык деп жарыялап, Кыргыз Республикасынын гимни жаңырды.

Толугу менен...

Жыл башынан бери Билим берүү министрлигине 32,5 млрд сом бөлүндү

Үстүбүздөгү жылдын 29-августуна карата республикалык бюджеттен Билим берүү жана илим министрлигине, ошондой эле башталгыч кесиптик билим берүү мекемелерине 32,5 млрд сом бөлүндү.

Толугу менен...

Кыргызстанда Палестинанын элчилиги ачылат

Бишкекте Палестинанын элчилиги ачылат. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Палестинанын тышкы иштер жана экспатрианттар министри Рияд Аль-Малики менен болгон эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында билдирди.

Толугу менен...

Кыргызстан менен Палестинанын ТИМ башчылары бир катар келишимдерге кол койду

Кыргызстан менен Палестинанын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Рияд Аль-Малики жолугушуунун жыйынтыгында бир катар эки тараптуу келишимдерге кол койду.

Толугу менен...

Президент Ысык-Көл районунун акимин кызматтан бошотту

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КРнын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким Жумадылов Калыбек Аманатович өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулду.

Толугу менен...

Төрөбаев Беларусь премьеринин орун басары Анатолий Сивак менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жумуш сапарынын алкагында Беларусь премьер-министринин орун басары Анатолий Сивак менен жолукту. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, анын жүрүшүндө тараптар түрдүү багыттардагы эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты.

Толугу менен...

Президент Садыр Жапаров АКШ сенатору Гэри Питерсти кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Кыргызстанга иш сапары менен келген АКШ сенатору, Сенаттын улуттук коопсуздук жана өкмөт иштери боюнча комитетинин төрагасы Гэри Питерсти кабыл алды. Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы саясий жана экономикалык өнөктөштүктү кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болду.

Толугу менен...

Элчи Жумаев Малайзиянын королуна ишеним грамотасын тапшырды

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Алтынбек Жумаев Малайзиянын Королу Султан Абдулл Риаятуддин Аль-Мустафа Билах Шахка ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу Жумаев Фейсбуктагы баракчасына жазды. Грамота тапшыруу аземи "Истана Негера" королдук сарайында өткөн.

Толугу менен...

Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 20-августта Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Толугу менен...

"КР прокуратурасы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 24-июлунда "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" КР конституциялык мыйзамына кол койду.

Толугу менен...

Чек арада курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга кошумча соцкепилдиктер белгиленет

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 20-июлунда (№ 142) “2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө” КР Мыйзамына кол койду.

Толугу менен...

Садыр Жапаровдун Сауд Аравияга болгон сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди

Президент Садыр Жапаровдун Падыша Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен 18-20-июль күндөрү Сауд Аравия Падышалыгына болгон жумушчу сапары аяктады. Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Булуңдагы араб мамлекеттери жана каржы мекемелеринин башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Толугу менен...

Кыргызстан менен Түркиянын ИИМ башчылары эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Түркиянын борбору Анкара шаарына иш сапар менен барып, анда Түркиянын жаңы ички иштер министри Али Ерликая менен эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулады. Жолугушуу учурунда Улан Ниязбеков кесиптешин Түркиянын Ички иштер министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, министрликтердин ортосундагы кызматташуунун оң динамикасын баса белгилеп өттү.

Толугу менен...

Президент Садыр Жапаров Меккеде кичи ажылык зыярат жасады

Президент Садыр Жапаров Сауд Аравия Падышалыгына болгон жумушчу сапарынын алкагында Мекке шаарында Умрага (кичи ажылык) барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Умра учурунда Садыр Жапаров өзгөчө урмат-сыйга ээ болуп, Ыйык Каабанын ичине кирип, намаз окуду.

Толугу менен...

Садыр Жапаров Мединада Мухаммед пайгамбардын мечитине барды

Президент Садыр Жапаров Сауд Аравия Падышалыгына болгон жумушчу сапарынын алкагында Мединадагы Масжид Ан-Набавиге (Мухаммед пайгамбардын мечити) барды. Мамлекет башчысы Масжид Ан-Набавиде намаз окугандан кийин, Садыр Жапаровго Мухаммед пайгамбардын (САВ) сөөгү коюлган жерге кирүүгө жол ачышты.

Толугу менен...

Этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" КР Мыйзамына кол койду.

Толугу менен...

Садыр Жапаров Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Радини кабыл алды. Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, эки тараптуу кызматташтыктын өз ара кызыкчылык туудурган ар кандай чөйрөлөрдөгү актуалдуу маселелери тууралуу пикир алмашуу болду.

Толугу менен...

Жерлерди өзүм билемдик менен басып алуу үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Кылмыш-жаза кодексине, КР Укук бузуулар жөнүндө кодесине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамына кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 25-майында кабыл алынган.

Толугу менен...

Кыргызстан менен Монголиянын достук жана кызматташтыкты тереңдетүү жөнүндө биргелешкен декларациясы

Президент Садыр Жапаровдун Монголияга болгон алгачкы мамлекеттик сапарынын алкагында өлкө лидерлери Кыргызстан менен Монголиянын достук жана кызматташтык орнотуу жөнүндө Биргелешкен декларациясына кол коюшту.

Толугу менен...

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтор жолукту

Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун 2023-жылдагы жолугушууларынын план-графигине ылайык, 2023-жылдын 3-июлунан 9-июлуна чейинки кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуусу Баткен шаарында (Кыргызстан) болуп өттү.

Толугу менен...

Президент Мамлекеттик циркти капиталдык оңдоону тапшырды

Президент Садыр Жапаров А.Изибаев атындагы Мамлекеттик циркке күтүүсүз текшерип барды. Мамлекет башчысы имараттын абалы, жумушчулардын эмгек шарттары менен таанышып, алар менен баарлашты. Буга чейин бир нече жолу ЖМКларда цирктин аянычтуу абалы тууралуу маалымат тараган.

Толугу менен...

Президент беш өлкөнүн элчилеринен ишеним грамоталарды кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн резиденциялары үчүнчү өлкөлөрдө жайгашкан Палестинанын, Кувейт Мамлекетинин, Бахрейн Падышалыгынын, Дания Королдугунун жана Грузиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды.

Толугу менен...

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү