Саясат
Жыргалбек Шакиев Бишкектин Ленин районунун акими болуп дайындалды
Шакиев Жыргалбек Тургунбекович Бишкектин Ленин районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Аким КР “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын реестрине ылайык дайындалды", - деп айтылат билдирүүдө.
Тиешелүү буйрукка Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.