Саясат

Этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" КР Мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 7-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам тарыхый мекенине кайтууну каалаган этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү маселелеринде көчүрүп келүү процессин жакшыртуу, жөнөкөйлөтүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.

Эми Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери кайрылман статусун ыйгаруу үчүн талапкерлердин арыздарын жана башка документтерин кабыл алат жана алар катталган күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде аларды Кыргыз Республикасынын миграция боюнча ыйгарым укуктуу органына жөнөтүшөт.

Ошондой эле этникалык кыргыздарда жана кайрылмандарда бажы чек арасы аркылуу жеке пайдаланууга арналган өздүк автотранспорт каражаттары менен өтүүгө мүмкүнчүлүк жаралды.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү