Саясат

Президент беш өлкөнүн элчилеринен ишеним грамоталарды кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн резиденциялары үчүнчү өлкөлөрдө жайгашкан Палестинанын, Кувейт Мамлекетинин, Бахрейн Падышалыгынын, Дания Королдугунун жана Грузиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды.

Ишеним грамоталарын Палестинанын Джавад Мохаммад Авад, Кувейт Мамлекетинин Омар Ахмед Мухаммед Мурад Аль-Кандари, Бахрейн Падышалыгынын Мохамед Гассан Мохамед Аднан Шайхо, Дания Королдугунун Якоб Хеннингсен, Грузиянын Николоз Лалиашвили элчилери тапшырды.

Салтанаттуу азем чет өлкөлүк дипломатиялык миссиялардын башчыларын Ардактуу кароол менен тосуп алуудан башталды, андан соң элчилер президент Садыр Жапаровго ишеним грамоталарын тапшырышты.

Мамлекет башчысы элчилерди дипломатиялык иштеринин расмий башталышы менен куттуктап, жооптуу кызматты аткарууда чоң ийгиликтерди каалады.

Садыр Жапаров Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан тартып, дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен саясий диалогду, соода-экономикалык кызматташтыкты ырааттуу түрдө өнүктүрүп келе жатканын белгиледи. Алардын катарында Палестина, Кувейт, Бахрейн, Дания жана Грузия менен өз ара пайдалуу жана жемиштүү өнөктөштүктү камсыз кылууга даяр.

Аталган өлкөлөрдүн Бишкек шаарында түздөн-түз элчилиги жок болгондуктан, бирок резиденциялары үчүнчү өлкөлөрдө жайгашкандыгына байланыштуу президент аларды Кыргызстанда дипломатиялык миссияларды ачууга чакырды.

Мамлекет башчысы биздин өлкөдө өз элчиликтерин ачуу үчүн Бишкек шаарынан жер тилкелерин берүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары Министрлер кабинети тарабынан да, жеке мамлекет башчысы тарабынан да ар дайым алардын өлкөдөгү ишмердүүлүгүн колдоо күтсө болорун баса белгиледи.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү