Саясат

Кыргызстан тарыхта биринчи жолу улуттук паспорт чыгара баштады

Кыргызстан тарыхта биринчи жолу жарандары үчүн улуттук паспорт басып чыгара баштады. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. Анын айтымында, жыл башында президент Кыргызстанда жарандардын улуттук паспортторун басып чыгаруу жакында ишке кирерин билдирген.

"Учкун” мамлекеттик басмаканасы үчүн заманбап жабдуулар сатылып алынган. Эми өлкөнүн тарыхында биринчи жолу өзүбүздүн улуттук документтерибизди басып чыгара баштадык.

Буга чейин дайыма Кыргызстандын жарандарынын паспорттору чет өлкөлөрдө басылып келген. Бул айрым абийирсиз аткаминерлердин, ал турсун кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин да мыйзамсыз байышына жол ачкан", - деди ал.

Султанбаев паспорт мафиясы менен күрөшүүгө бир жыл кеткендигин, бул күрөштүн башында мамлекет башчысы өзү турбаганда майнап чыкмак эместигин жазды.

"Учурда паспорт мафиясы жоюлду. Муну менен биз мурда чет өлкөдөн буйрутма берип үч эсе кымбат жасалып келип турган мамлекеттин жана элдин акча каражаттарын үнөмдөп калдык.

Жыл сайын биз чет өлкөдөн орточо бир жарым миллионго чейин ID-карт жана жалпы жарандык паспортторду буйрутма кылчубуз.

Канча деген каражаттар абийирсиз адамдардын чөнтөгүнө түшүп турганын элестетсеңиздер.

Паспортторду даярдоо дүйнөнүн эң алдыңкы өлкөлөрүндө колдонулган акыркы технологиялар боюнча жүргүзүлөт. Буга чейин Кыргызстандын жасалма паспорттору чет өлкөдө аныкталган фактылар болуп келген жана алардын даярдалган жерин аныктоо ар дайым эле мүмкүн болгон эмес.

Эми болсо көп баскычтуу коргоо системасы колдонулат. Коргоо деңгээли боюнча биздин паспорттор дүйнөнүн алдыңкы он өлкөсү менен тең тайлаша алат. Андыктан эми Кыргызстандын паспортторун бүгүнкүдөй сапатта жасалма кылып чыгарууга мүмкүн болбойт", - деди ал.

Президенттин басма сөз катчысы мындан ары Кыргызстандын жарандарынын бардык улуттук документтери өзүбүздүн өлкөдө басылып чыгарыларын, жүз пайыз мамлекеттин көзөмөлүндө болорун кошумчалады.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү