Саясат

Министрлер кабинетинде Бишкектеги экологиялык абалды жакшыртуу маселелери талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров алдыдагы жылытуу мезгилинде экологиялык абалды жакшыртуу жана борбор калаада түтүндү болтурбоонун алдын алуу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев республиканын ири шаарларында экологияны жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берип, ошондой эле Бишкек шаардык ЖЭБин отун менен камсыздоо түзүмүн өзгөртүү мүмкүнчүлүктөрүн айтты, тагыраагы көмүрдүн ордуна жаратылыш газын пайдалануу.

Белгиленгендей, борбордук ЖЭБдин жаратылыш газына өтүшү менен көмүрдү пайдалануу 600 миң тоннага жакын кыскарат.

"Бул абдан маанилүү", - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Андан ары борбор калаанын мэри Эмил Абдыкадыров учурда 22 отказан газ менен жылытууга өткөрүлүп жатканын, мындан тышкары коомчулуктун пайдасы үчүн 800 автобустун келиши күтүлгөнүн, бул Бишкектин көчөлөрүндөгү унаалардын санын бир топ кыстартып жана ага жараша машиналардан бөлүнүп чыккан газды азайтарын маалымдады.

Ал ошондой эле “тигүү цехтеринин жана дөңгөлөктөрдүн калдыктарын муниципалитет тарабынан сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын жана жылдын аягында таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушу ишке кирээрин, мындан тышкары таштанды төгүүчү жайдагы өрт толугу менен өчүрүлөөрүн” кошумчалады.

Өз кезегинде МинКаб Төрагасы Бишкек шаардык ЖЭБин жаратылыш газына өткөрүүдөгү эсептөөлөрдү, анын ичинде камсыз кылууну эске алуу боюнча кошумча тапшырмаларды берди. Ага ылайык, калкка жаратылыш газын кошууга жана газ казандарын сатып алууга пайызсыз насыяларды берүү, электр энергиясына тарифтердин мисалында жаратылыш газы үчүн төлөөнүн дифференцияланган системасын иштеп чыгуу.

“Жакынкы арада бул маселе боюнча комплекстүү чаралар көрүлөт. Эгерде биз пландагандын баары ишке ашырылса, түтүн маселеси чечилет”, - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү