Саясат

Президент жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жөнүндөгү мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, мыйзам 2023-жылдын 4-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Сунушталган мыйзамдын максаты жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин мыйзамдуу экономикалык жүгүртүүгө төмөндөгүлөр аркылуу тартууга багытталган:

– активдерди декларациялоо учурундагы абалы боюнча жеке жактарга таандык, анын ичинде башка адамдарга номиналдуу катталган жана/же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде жайгашкан активдерди ыктыярдуу декларациялоо аркылуу легалдаштыруунун укуктук механизмин түзүү;
– Кыргызстандын экономикасына ички жана тышкы инвестициялардын көбөйүшү;
– көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу;
– активдердин сакталышынын кепилдиктерин камсыз кылуу жана алардын ээлерин ушул Мыйзамда каралган өздөрүнө таандык болгон активдерди ыктыярдуу декларациялоого чейинки мыйзамдардын талаптарын бузулгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан куугунтуктоодон коргоо.

Ушул Мыйзам төмөнкү активдерге карата колдонулбайт:

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүгүртүүдөгү чектелген же жүгүртүүдөн алынган;

– Кыргыз Республикасында же анын чегинен тышкары жерлерде ушул Мыйзам колдонууга киргизилген учурга карата аларды конфискациялоо же башка адамга өткөрүп берүү жөнүндө соттун күчүнө кирген чечими колдонулган, ошондой эле соттук кароонун предмети болуп саналган мүлккө.

Ошондой эле бул Мыйзамдын колдонулушу террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык жана улуттук талаптарды аткарууга, анын ичинде бул чөйрөдө эл аралык жана ведомстволор аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылбайт.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү