Саясат

Миграция чөйрөсүндөгү бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөр кирди

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Тышкы миграциясы жөнүндө”, “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 24-майында кабыл алынган.

Мыйзам миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдык базаны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү жана миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдардагы боштуктарды жана карама-каршылыктарды жоюу максатында кабыл алынган.

Алсак, Мыйзам «Тышкы миграция жөнүндө» КР мыйзамына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу адамдардын кирүүсүн/чыгуусун эсепке алуу жана контролдоо, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишин жүзөгө ашыруу үчүн визаларды жана уруксаттарды, убактылуу жана туруктуу жашоо уруксаттарын берүү, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн (жашаган) жери боюнча каттоо жана Кыргыз Республикасынын нотариалдык документтердин бирдиктүү электрондук базасынан келип түшкөн, жашы жете электердин Кыргыз Республикасынан чыгуусу үчүн алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан берилген нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн өтүнүчтөрдү эсепке алуу боюнча Бирдиктүү маалыматтык тутумду ишке киргизүү жагында өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.

Ошондой эле, «Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр анын жоболорун Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык келтирүүгө багытталган.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жарандыгы жок адамдар анын ким экендигин тастыктаган жана статусун ырастаган документ катары жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү