БААУнун Юридикалык факультети Jessup-2025 сынагында жеңүүчү болду

Борбордук Азиядагы Америкалык университетинин Юридика факультети Philip C. Jessup International Law Moot Court Competition сынагынын борборазиялык тандап алуу баскычында 1-орунду ээледи. Эми команда Кыргызстандын намысын АКШнын Вашингтон шаарында өтчү Эл аралык баскычтарында коргомокчу.

Белгилей кетсек, БААУнун командасы улуттук тандап алуу баскычтарын 5 жылдан ашык убакыттан бери жеңип келет. Команда Эл аралык укук боюнча мыкты билимдерин көргөзүп, Кыргызстандын намысын Эл аралык сынактарда татыктуу коргоодо.
Салтанат Асанова, Элайым Мусабекова жана Элизабет Джоелди, ошондой эле алардын насаатчылары Бегайым Сейитбекова менен Боленат Дуттуну мындай жетишкендиктери менен куттуктайбыз.
Мындан тышкары команда мыкты меморандум үчүн атайын сыйлыкка арзыса, ал эми Элизабет Джоел мыкты спикер аталган.
Эми алдыда 2025-жылдын 30-мартынан 7-апрелине чейин өтчү Эл аралык баскычтарга даярдануу күтүп турат. Биз студенттерибиз менен сыймыктанабыз жана аларга дүйнөлүк ареналарда ийгиликтерди каалайбыз!

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү