ЖКККББнын спорттук күжүрмөн даярдыгынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн «Динамо» коомдук бирикмесинин Төрагасынын биринчи орун басары Төрөкул Мадалиевдин катышуусунда ЖКККББнын спортчуларынын 2024-жыл ичиндеги спорттук көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгы чыгарылды.

Белгилей кетсек Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын спортчулары 2024-жылдын ичинде ИИМдин 7 чемпионатына катышып, спорттун кызматтык көп түрдүүлүк жана ок атуу, самбо жана күжүрмөн самбо, кыргыз күрөшү, кичи футбол, күчтүк үч түрдүүлүк жана волейбол боюнча жалпы спорттун 10 түрүндөгү мелдештерде күч сынашкан.
Ошондой эле жыл жыйынтыгы менен ИИМдин түзүмдөрүнөн түзүлгөн 15 команданын ичинен 2 орунга ээ болушкан.

Жыйындын жүрүшүндө башкы башкармалыктын башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Джоробеков спортчуларга спорттук формаларды тапшырып, улуттун, кызматтын намсын коргоп, жаштарды сергек жашоого үндөгөн спортчуларга бекем ден соолук каалап, мындан ары да чоң ийгиликтерге жетүүлөрүнө тилектеш экендигин билдирди.

 

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү