Бүгүн ЖКККББ күчөтүлгөн тартипте иш алып барды

Өлкөбүздө өтүп жаткан жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өздүк курамы шайлоо участокторуна бекитилип, бөлүнгөн чарчыларда коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздашууда.

Айрыкча добуш берүүгө келген жарандарыбызга ыңгайлуу шарттарды түзүп, жол жээгиндеги унаалардын туура эмес жерлерге токтоолоруна жана жол тыгындарына жол бербөө үчүн тийиштүү тилкелерде жол кыймылын жөнгө салышууда.

Кызматкерлердин ишмердүүлүгүн ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков жеринен текшерип, бул мамлекеттик маанидеги тарыхый күндөрдө милиция элдин коопсуздугунда болуусу, чагымчыл маалыматтардын же туура эмес көрүнүштөрдүн чыгып кетүүсүнө жол бербөө боюнча тийиштүү нускамаларды жеткирүүдө.

Ошондой эле ЖКККББнын башчысы шайлоо участокторуна бекитилген жергиликтүү бийлик органдарына, тийиштүү мамлекеттик кызматтарга, медицина кызматкерлерине, элдик кошуундарга жана укук коргоо органдарына кайрылып, «-жарандарыбыздын укуктарын сактоого, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана жалпы коопсуздукту камсыздоодо жигердүү жана күжүрмөн кызмат өтөп берүүбүз зарыл экендигин эскертти».

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү