ЖКККББнын ишеним номуруна 4 айда 18 миңден ашык кайрылуу түшкөн

Жарандардан ЖКККББнын ишеним номуруна 4 ай аралыгында 18 409 кайрылуу келип түшкөн. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ушул жылдын 21-майынан тартып, жарандардын кайрылууларын түз кабыл алуу үчүн (0777) 102-102 ватсап номурун ишке киргизип, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берип келүүдө.


Бул ишеним номуру ишке киргенден тартып, жол эрежесине кайдигер карабаган жарандарыбыз көчөдөгү жол эрежелерин бузуу фактылар боюнча 18 409 кайрылуу жөнөтүшкөн.


Алырдын ичинен:
-10 100 (52,6 пайыз) кайрылуу унааларын башкаларга тоскоолдук жаратып, туура эмес жерлерге токтотуп койгон учурлары;
-2208 (11,9 пайыз) кайрылуу каршы тилкелерге чыгуу жана ашып өтүү озуп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузган учурлары;
-2788 (15,1 пайыз) кайрылуу жол чырактын кызыл түсүнө баш ийбөө жана жөө жүргүнчүлөргө жол бошотуп бербеген айдоочулар тууралу ;
-1318 (7,1пайыз) кайрылуу жол эрежелеринин башка түрлөрүн бузган айдоочулар тууралу.

Жарандардын жөнөткөн сүрөт видеолору боюнча жол эрежелерин бузган айдоочулардын көпчүлүгү Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында катталууда.

Бул ишеним номуру аркылуу ЖКККББгы коомчулук менен тыгыз байланышта болуп, жол тыгындарынын жана жол кырсыктарынын алдын алууда ыкчам жана натыйжалуу болууда. Ошондой эле жарандар ЖКККББнын ыкчам аракетине ыраазычылыгын билдирүүдө.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол эрежелерине кайдигер карабаган жарандарга терең ыраазычылыгын билдирет.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү