Жол тыгындарынын алдын алуу боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү

КР ИИМдин ЖКККББнын Жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн демилгеси менен борбор шаарыбыздагы жол тыгындарын жоюу, жолдун түзүмүн, жол чырактардын иштөө шарттарын жаңылоо жана жол кыймылынын катышуучуларына ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын, райондук муниципалдык администрациялардын өкүлдөрү жана башка кызматтардын катышуусунда ыкчам кеңешме өткөрүлдү.

Кеңешменин жүрүшүндө ЖКККББнын Жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы милициянын подполковниги Тынычбек Саидов бүгүнкү күндө борбор шаарыбызда унаалардын көптүгү, оңдоп-түзөө жумуштары жүргүзүлүп жаткан жол тилкелеринде жана жол чырактар өчүп же иштебей калган учурларда тезинен оңдоо иштеринин кечиктирилип жаткандыгы жол тыгындарынын пайда болуусуна себеп болуп жаткандыгын белгилеп, бул багытта тиешелүү иш-чараларды иштеп чыгуу демилгесин көтөрдү.

Ошондой эле ЖКККББгы тарабынан жөнөтүлгөн сунуш каттарды карап чыгуу менен аларды өз убагында аткарууну колго алып, жарандардын кайрылууларын ыкчам чечүү максатында бирдиктүү байланыш каражатын түзүү боюнча чечим кабыл алынды.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү