БААУнун багыт алуу программасы - Борбор Азиядагы уникалдуу программа

БААУнун багыт алуу программасы - Борбор Азиядагы уникалдуу программа эсептелет. Ал биринчи курстун студенттери үчүн бир апталык тимбилдингдик иш-чара катары башталып, учурда эки аптага созулган толук кандуу программа болуп өсүп жетилди. Багыт алуу программасы студенттерди гуманитардык билим берүүнүн негизи болгон маанилүү интеллектуалдык, маданий жана көркөм идеялар менен тааныштырып, “БААУнун уникалдуу духу” тууралуу түшүнүк берет.

Студенттерге арналган багыт алуу программасы буга чейинки окутуу тажрыйбасынан университетте берилүүчү окутууга өтүүнү жеңилдетүү максатын көздөйт. Быйыл академиялык программа “Тынчтыктын үнү” урааны астында өтүүдө. Окутуу академиялык, социалдык жана коомдук-пайдалуу сабактар менен коштолуп, алар өз кезегинде өнүгүү, эркиндик жана БААУнун гуманитардык ЖОЖ катары баалуулугуна өбөлгө түзмөкчү.
Академиялык сессиялардын максаты өзүнө чыгармачыл жана ошол эле учурда ар кандай жанрларда интенсивдүү жазуулар жана окутуунун укмуштуудай тажрыйбасын камтыган БААУдагы сабактар аралык жана татаал окутуу процесси менен тааныштырууда жатат. Студенттер көп окушат, жазма жана башка чыгармачыл ыкмаларды пайдалануу менен тексттерди изилдеп, алардын үстүндө иштешет. Университетте билим алуунун алгачкы апталарында эмнелерди күтүүнү элестетүү кыйын экени турган сөз. Бирок биздин максат - Борбор Азияда гуманитардык ЖОЖдо интеллектуалдык окутуунун татаал жана уникалдуу маданияты жөнүндө түшүнүк алууга мүмкүнчүлүк берүү.


Багыт алуу программасы – бул университеттик жана андан тышкаркы жашоого укмуштуудай саякатка чыгуу, ошондой эле жаңы досторду таап, унутулгус эскерүүлөргө ээ болуу үчүн мыкты жол. Пландаштырылган иш-чараларга активдүү катышуу менен биринчи курстун студенттери университетте окуу учурунда пайдасы тие турган толтура маалыматтарды алышат.


Студенттер академиялык маселелер, институционалдык саясат жана эрежелер тууралуу маалыматтарды гана албастан, ошондой эле университеттин бир бөлүгүнө айланышат, улуу жолдоштору менен таанышышат, университеттин окуудан тышкаркы иш-чаралары жөнүндө алгачкы тажрыйбаларга ээ болушат.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү