БААУнун президенти Тимоти О'Коннордун куттуктоосу

Борбордук Азиядагы Америка университетинин президенти Тимоти О'Коннор БААУнун студенттери, окутуучулары жана кызматкерлерине куттуктоо катын жолдоду. 

Урматтуу студенттер жана кесиптештер!
 
Сиздерди Борбордук Азиядагы алдыңкы университеттердин биринде жаңы окуу жылынын башталышы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Жаңы окуу жылы ар бирибизге биз билбеген жана жаңыдан таанып-билип жаткан нерселерди изилдөө үчүн мүмкүнчүлүктөрдү тартуулап, жаңы жетишкендиктерге жетүүгө жана ачылыштарды кылууга шыктандырып келет.
 
Аталган окуу жылында дагы бир жыл мурун башкы багытыбыз болгон “Студенттин саякаты” долбоору ишибиздин негизги өзөгүн түзүп, биздин студенттердин БААУда сапаттуу билим алуусун камсыздоо менен гана чектелбей, биздин ар бир студенттибиздин инсандык сапаттарын калыптандыруу менен бирге талант жана шыктарын ачууну максат кылууга жардам берет. Ал эми студенттерибиздин эң маанилүү милдеттеринин бири болуп тартууланган бардык мүмкүнчүлүктөрдү максималдуу түрдө пайдалана турганы болмокчу.
 
Дал ушул “Студенттин саякаты” долбоорун ишке ашырып, мыкты жетишкендиктерди багындырууда биздин профессордук-окутуучулар курамы менен катар кызматкерлердин эмгеги зор. Ар бир кесиптешибизге өзгөчө кесипкөйлүгү, ишке берилгендиги жана студенттерге көрсөткөн баа жеткис колдоосу үчүн ыраазычылыгымды билдиргим келет. Жаңы окуу жылы сиздерге кубаныч тартуулап, үзүрлүү эмгегиңиздердин жыйынтыктары сиздерге чоң сыймык тартуулашына тилектешмин.
 
Убакыттын өтүшүнө карабай, дүйнө жүзү боюнча мыкты билим берүү уюмдары өз ара мамилелерин биргелешип иштеген нукта алып баруусунан жазбай, бүтүндөй жамаатынын горизонталдык деңгээлде өз ара иш алып баруу жөндөмдүүлүгү менен айырмаланып келгенин баса белгилегим келет. Ошол себептен БААУнун ар бир мүчөсүнүн бири-бирине кылган аяр мамилеси менен катар өз ара колдоосу, жардам көрсөтүүсү, бакубат жашоосу үчүн кам көрө билүүсү бизге ар кандай тоскоолдуктарды бирге жеңип, кыйынчылыктардан ийгиликтүү өтө билүүбүзгө жардам бере турганына толук ишенимим бар экенин айткым келет. Биз биргеликте университетибиздин ордун коомчулуктун сыймыгы катары орнотушубузга тилектешмин.
 
Окуу жылынын башталышы куттуу болуп, бардык аракеттериңиздерде ийгилик болсун!
Урматтоо менен,
Тимоти Эдвард О'Коннор

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү