Кубан Атабеков: "Кыргыз боксунун өңү - Мунарбектин өңүндөй"

Белгилүү спорт баяндамачысы Кубан Атабеков Париж Олимпиадасында күмүш медаль тагынган боксчу Мунарбек Сейитбек уулу тууралуу ою менен Фейсбук баракчасында бөлүштү. Анда ал бокс боюнча Олимптин сересине жол ачылганын жана ал чыйырды Мунарбек салганын белгилеген. 

"Мунарбектин мынчалык бийик учаарына адегенде ишеңкиребей тургандыгым чын. Кыргыз боксунун жогорку чеги чейрек финал болуп келгени да чын. Финалды жомоктой эле элестетчүмүн...башта эх, Нурлан Абдыкалыков азыр болсо кана, бирдин үстүнөн чыкпайт беле деген сезимдер ар Олимпиада сайын уялай бермейи эбак адатка айланган. Көрсө олимпиада, дүйнө чемпиондорунун өпкөсүн үзчү Н.Абдыкалыков өлбөптүр. Ортодон үч муун өтүп кеткени менен Мунарбек бул боштуктарды жылчыксыз бүтөп койду окшобойбу.

Ындыкара эки кубалык, бир америкалык мушкерди колдун кычуусун кандыра жүндөй сабаганы - далайга аңыз болуп айтылаары бар. Зыңк эткизе кулак түпкө койгон, үстү-үстүнө бастыра чапкан соккулары сая кетпей, каршылаштардын шүйүн качырганын кандай айтсак эми жараша берет. Кыргызда эркин күрөш эр жигиттин оюну деп коюшат. Эми болсо бокс - мырзалардын оюну десек куп жарашчудай, себеби буга Мунарбек Сейитбек уулунун таймаш жыйынтыгына карабай мырзалык калбаатынан жазбай тургандыгы айгине.
Эми дагы бир Мунарбектер чыккыча кыргыз боксунун жүзү Мунарбектикиндей болуп кала берээри талашсыз. Буюрса бокстан олимптин сересине карай жол ачылды, биринчи болуп чыйырды Мунарбек салды. Биринчи болуш эч качан кеч эмес экен көрсө..." - деп жазган Кубан Атабеков. 

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү