Бекмурат Адылканов бүткүл россиялык сынакта лауреат аталды

Кыргызстандык Бекмурат Адылканов бүткүл россиялык "Большая перемена" сынагында лауреат аталды. Баш байге - Орусиянын алдыңкы окуу жайларында акысыз окуу жана Москвадан Владивостокко чейин поезд менен саякаттоо. 

"Большая перемена" сынагына быйыл 30 өлкөдөн беш миллиондон ашык катышуучу кошулду, алар: 5-10-класстын окуучулары, колледж жана техникумдардын студенттери, педагогдор жана чет өлкөдөн келген окуучулар. Сынакта илимден баштап, искусство жана чыгармачылыкка чейин 12 багыт каралган. "Большая перемена" конкурсунун юбилейлик сезонунда - бардык жарыштар үй-бүлөлүк баалуулуктарга арналган. Ушул сынактарда мыкты көрсөткүчкө жетип, кыргызстандык Бекмурат Адылканов алдыңкы орунду ээлеп, лауреат аталды. 

Бекмурат Адылканов - айтылуу спорт ишмери, СССРдин спорт чебери, КР эмгек сиңирген машыктыруучусу, дене тарбия жана спорттун отличниги Адылкан Бекболотовдун небереси, Адылкан Бекболотов атындагы боксту өнүктүрүү фондунун жетекчиси жана Бокс федерациясынын вице-президенти Аскар Бекболотовдун уулу. 

 

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү