“Манас” эпосунда чаң басып жаткан сөздөр - 2-бөлүк

“Манас” эпосу — сөз өнөрүнүн эң бийик, эң таза үлгүсү. Ал бардык диалектилерди бириктирип, оозеки адабий тил катары кыргыздардын сөз маданиятында маанилүү роль ойноп, ар түрдүү диалектилик айырмачылыктарды жакындатып, жалпы элдик тилдин негизинде грамматикалык жалпы бир норманы иштеп чыгып улуттук жазма адабий тилдин калыптанышына негиз түзгөн.

КАП ТОО — (Капардын Кап тоосуна) — (ар. каф) — мусулмандардын мифтик легендасында бүткүл дүйнөнү чулгап алган туюк тоо. Термин арабдардын алфавитиндеги «каф» тамгасына байланыштуу чыккан. 

КАПЧАЛ — (Капчал улуу зоо экен) — бийик зоокалуу тар капчыгай. Кээде капчал жол делип, бийик беттеги жандоо жол маанисинде да айтыла берет.

ОРМОН — (Тоо жыгачтуу жер болгон, Токой — ормон чер болгон) — (байыр, түрк) — токой, чер.

ТӨШӨК КӨТӨР — (Окуп кутпа дубасын, Кызга нике кыйдырат. Кызга нике байлады, Төшөк көтөр жеткенче, Кыргыйдай көзү жайнады) — үйлөнүүдөгү кааданын бири. Нике кыйылгандан кийин жеңелери кызды ээрчитип келип, күйөөнүн койнуна алгач жаткырышы.

ТҮЙМӨ БАШ — (Жазык маңдай түймө баш) — кичинекей сымбаттуу баш (көбүнчө аялдардын сулуулугунун бир белгиси катары айтылат). 

ТҮККАП — (Түн боюнча барганы, Түккап басып калганы) — байкоостон, кокустан, эч кабарсыз; күтүлбөгөн жерден эле.

ЫКЫЛАСТЫН СҮРӨӨСҮ — (Ыкыластын сүрөөсүн, Ырас айтып баштады) — (ар. суурату — л-их-лаас — ыклас сүрөөсү).— Курандын 112-сүрөөсү, бөтөнчө ызаат менен кунт коюлуп окулат. Мукамбеттин аныктамасы боюнча бул сүрөөнүн мааниси бүткүл курандын чейрегине барабар. Сүрөө Алда Тааланын касиеттери, жаратылышы жөнүндө кабар берет. Манасчы бул сүрөөнүн мазмунун 8090— 8020 саптарда ыр менен берген.

ЧЫЛБЫР БОО — (Чылбыры тутам, боосу жок) — илгери кыргыздарда ат мингизген кишиге «чылбыр боо» деген салт боюнча бир нерсе кайтарып берүү ырымы болгон. Текст боюнча тартуулап, сыйга берген атка «чылбыр боонун» кереги жок деген маанини түшүндүрүп турат. Сөз айкашынын мааниси - “кайра дооланбайт, акы алынбайт” дегенди туюнтат.

ЧЕРҮҮ — (Арбын черүү алпарып) — (санск. цериг) — аскер, кошуун, кол. Эпосто кээде жүрүш, жортуул, согуш маанисинде да айтыла берет.

Булак: «Манас» эпосунун сөздүгү / Түзгөндөр: Э. Абдылдаев, А. Акматалиев, Б. Садыков, Р. Сарыпбеков. Кыргыз Рес- публикасынын Улуттук Илимдер академиясы, Адабият жана искусство институту. Бишкек, 1995 —172 б.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү