“Манас” эпосунда чаң басып жаткан сөздөр

“Манас” эпосу — сөз өнөрүнүн эң бийик, эң таза үлгүсү. Ал бардык диалектилерди бириктирип, оозеки адабий тил катары кыргыздардын сөз маданиятында маанилүү роль ойноп, ар түрдүү диалектилик айырмачылыктарды жакындатып, жалпы элдик тилдин негизинде грамматикалык жалпы бир норманы иштеп чыгып улуттук жазма адабий тилдин калыптанышына негиз түзгөн.

 

АККҮБӨ — (Ак күбө тонду кийинип) — (ар. габа — көлбөрүгөн узун жеңдүү чапан). 1. Нерсенин түсү. 2. Өтмө мааниде: ыйык, касиеттүү — баатырлардын ок өтпөс тыш кийими.

АКСИ — (Аксиң мени урбайбы) — кусур, касиет. Көбүнчө улуулук, урмат, касиет маанисинде айтылат.

АЗАР-ТҮМӨН — (Азар-түмөн жан деди). — (нр. хазар — миң, түрк-монгол. түмөн — он миң) — негизинен көптүктү туюндуруучу: сансыз, эсепсиз, чексиз деген мааниде айтылат. Көбүнчө сансыз кол, сансыз эл, сансыз мал деген түшүнүктө колдонулат.

ЗУЛЖАЛАЛ — (Бербердигер зулжалал) — (ар. зу — ээси, джалал — улуулук ээси (Алданын көптөгөн эпитеттеринин бири).

КАЛАБА II КАЛБА — (Калабалуу каапырдын) — (ир. гэлэбэ — чыр-чатак, жаңжал. кыр. — луу) — чырлуу, жаңжалдуу, чатактуу. 

КИРИЧ — (Киричке огун салганы) — жаанын кергичи. Кээде жаа, саадак деген мааниде да колдонула берет.

СААБА — (Байгамбар менен саабанын) — (ар. ас — сахаби — жактоочу, талапташ) — Мукамбет пайгамбар алгач ислам динин тарата баштаганда аны менен пикирдеш, тилектеш болуп, ал уюштурган жортуулдарга катышып, диний үгүт-насааттарды таратышкан адамдар. Саабалар биринчи мусулман армиясынын уюткусун түзүп, аны эң туруктуу бөлүгү болгон. Саабалардын жогорку катмары — мухаджирлер жана ажарлар аталышып, мамлекеттик иште көрүнүктүү саясий ролду ойноп, халифди жана анын орунбасарларын шайлоодо түздөн түз таасир тийгизишкен. Мукамбет өлгөндөн кийин алардын эскерүүлөрү боюнча хадис түзүлгөн. 

ТЕЙТЕЙ — (Тегеренди тейтейи) — Кытайча тайтай (уйгурча тай-тай, тейтей — каныша, айым, төрө, аял. Улуктардын аялдары, келиндери, кыздарына карата колдонулган термин. Кытайдын мансаптуу адамдары кыздарын бала кезинен эле буттарын таңып (бинт менен) коюп өстүргөн. Чоңойгондо алардын буттары ипичке болуп араң эле басышкан, көбүнчө жетелеп жүрүшкөн. Ошондуктан кыргыздарда жаш бала жаңы баса баштаганда «тай-тай» деп жетелеп бастырууга үйрөтүшкөндүгү белгилүү. Арийне кытайдын ушул сөзүнөн кириши мүмкүн. Кытайдын ак сөөк адамдары ушундай кыз-келиндерди сулуу катары эсептешкен. Жогорку даражалуу адамдардын тукумдары тейтей кыздарга үйлөнүшкөн. Эпосто болсо кытайдын улуктарынын аялдарын мыскылдап шылдыңдоо маанисинде «тейтей» тейтей бут деп аташкан.

ЧААЙ — (Кырк кулач темир зындандын Чаай түбүнө салганы) — терең зындан, кээде зындандын түбү маанисинде да айтыла берет.

ЧҮЧТӨ // ЧҮШТӨ — (Аппак эти чүчтөдөй) — (уйг. чута) — өтө ак кездеме.

ЭНДӨӨЛӨШҮҮ — (Эндөөлөшүп жатыппыз, Кейишке кенен батыппыз) — чачкындап бытыранды болуу, чачынды болуу; туш-тушка тарап кетүү, чар тарапка жайылып чачылуу. Капарсыздык, энөөлүк, камсыздык маанисинде да айтылат.

Булак: «Манас» эпосунун сөздүгү / Түзгөндөр: Э. Абдылдаев, А. Акматалиев, Б. Садыков, Р. Сарыпбеков. Кыргыз Рес- публикасынын Улуттук Илимдер академиясы, Адабият жа- на искусство институту. Бишкек, 1995 —172 б.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү