Саясат
Түрк мамлекеттер уюму чек арасын кеңейтүүдө
27-июнда Ысык-Көлдө Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө 6 өлкөнүн жана байкоочу өлкөлөрдөн келген өкүлдөр катышкан бизнес-инвестициялык форум өттү. Анын алкагында өлкөлөргө инвестиция тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
КР Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев чогулгандарга куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
Ал мамлекеттердин ортосундагы байланышты жакшыртуу үчүн барган сайын көбүрөөк шарттар түзүлүп жатканын белгиледи. Мисал катары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун атады.
«Бул жол пайдаланууга берилгенден кийин Түркия жана Европага алып баруучу эң кыска жол болот. Ошондой эле альтернативдик Түндүк-Түштүк жолу Өзбекстанды Кыргызстандын түндүк аймагына, андан ары Казакстанга кыйла жакындатат. Демек, бул өлкөлөр ортосундагы мамилени жана сооданы жакшыртат”, - деп белгиледи Темир Сариев.
Мындан тышкары, форумда келечекте Өзбекстанды Кыргызстан менен түндүк аймагына жакындата турган альтернативдүү Түндүк-Түштүк жолунун долбоору тууралуу сөз болду.
КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Ысык-Көл районундагы Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук тоо чокуларын камтыган “Үч чоку” кластердик долбоорун эске салды. План боюнча бул жайларда жалпы узундугу 200 чакырымга жакын лыжа аянтчалары курулат.
Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси ишкерлерди экономикалык кызматташтыкты чыңдоо жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу үчүн кыргыз бизнеси менен байланыш түзүүгө чакырды. Ал эми бул биргелешкен аракеттер менен гана мүмкүн.