Саясат

Жайкы туристтик сезондо жол коопсуздугу онлайн көзөмөлдөнөт

Жайкы туристтик сезондо коопсуздукту санариптик жабдыктар менен жабдылган автоунаалар камсыз кылат. Санариптештирүүнүн алкагында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы GPS видеокөзөмөлү бар жаңы кызматтык унааларды ишке киргизди. GPS жана видеорегистраторлор глобалдык позициялоо системасына туташтырылган.

 

Кырдаалды борбордун кызматкерлери монитордон тигил же бул патрулдук унаа учурда кайда жайгашканын, кызматкерлер унаанын ичинде эмне кылып жатканына көз салып турушат. DVR ошондой эле унаанын сыртынан, алдынан жана артынан жазып алат.

Ошондой эле кызматкерлердин көкүрөк камералары үзгүлтүксүз иштеп, алардын жардамы менен кызматкерлердин ишмердүүлүгү, күн тартиби жана мыйзамдуулугу көзөмөлдөнөт. Андан сырткары жол эрежесин бузган айдоочулар менен сүйлөшкөндө кызматкерге коррупциялык мүнөздөгү аракеттерге жол бербейт.

Бул камералар үзгүлтүксүз видео жана аудио жазууну камсыз кылат. Мындай онлайн режими менен Ош, Бишкек шаарларынан Ысык-Көл облусуна чейин жол кыймылын көзөмөлдөө жүргүзүлөт. Буга байланыштуу туристтик сезон аяктаганга чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы күчөтүлгөн режимде иштейт. 

Белгилей кетсек учурда Ош, Бишкек шаарларында жана Ысык-Көлдүн жээгинде GPS видеокөзөмөлү орнотулган 160 унаа бар. Ошондой эле күнү-түнү байкоо жүргүзүүчү 5 стационардык «Ураган» видеокамерасы, 22 автоматтык «АвтоУраган» видеокөзөмөл системасы иштеп, күнү-түнү көзөмөлгө алынат. Негизги максат - туристтер эс алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү.

Бул система бардык климаттык зоналарда, магистралдарда жана көчөлөрдүн кесилиштеринде унаалардын кыймылын көзөмөлдөө үчүн активдүү колдонулат. Ал издөөдө жүргөн, сүзүп кеткен унааларды жана айдоочуларды аныктоо жана табуу үчүн натыйжалуу курал.

Ички иштер министрлигинин Мониторинг борбору орнотулган автоматташтырылган маалыматтык тутумдун жардамы менен бир эле убакта өлкөнүн жолдорунда болуп жаткан окуялар тууралуу маалымат берип турат.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү