Саясат

Кыргызстандын биринчи айымы Токиодогу билим берүү мекемелерине барды

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова президент Садыр Жапаровдун Японияга расмий сапарынын алкагында Токио шаарындагы билим берүү мекемелерине барды. 

"Ota Sakuradai High School» орто мектебин кыдыруу учурунда мекеменин директору Томонори Исияма жана мугалимдер мейманды жылуу тосуп алып, Айгүл Жапарова менен жолугушууга кубанычта экендиктерин белгилешти.

«Ota Sakuradai High School» Токио шаардык орто мектеби — бул окуучулары англис тилин үйрөнүүгө, баарлашуу жөндөмдөрүн жакшыртууга жана университетке кирүүгө даярданууга багытталган «даярдоочу кесиптик орто мектеп».

Биринчи айымга 5 жана 6-класстын бир нече окуучусу Кыргызстандын гимнин аткарып беришти, ошондой эле япониялык окуучулар «Ota Sakuradai High School» кызматташып жана онлайн жолугушуулар аркылуу тажрыйба алмашып турган

Кыргызстандагы «Билимкана» мектебинин окуучулары менен онлайн өз ара байланыштар тууралуу таасирлери менен бөлүшүштү.

Мектептин ишмердүүлүгү тууралуу презентация менен таанышкан соң Айгүл Жапарова кыскача сөз сүйлөп, анда окуучулардын Кыргыз Республикасынын гимнин аткарып бергенинен чындап ырахат алганын белгилеп, алардын өлкөбүзгө болгон кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдирип, мектептин жетекчилигине эстеликке белегин берди.

Андан кийин биринчи айым Япониядагы эң эски жеке музыкалык колледж, өлкөдө батыш классикалык музыкасынын өнүгүшүнө зор салым кошкон Токио музыкалык университетинде болду.

Бул жерде атайын биринчи айым Айгүл Жапарова үчүн окуучулар кыргыз элинин музыкалык аспабы – комузда кол ойнотуп беришти, бул өнөрдү аларга мекендешибиз үйрөтөт.

Соңунда биринчи айым аталган окуу жайга белек берди.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү