Саясат

Бишкекте "Бирдиктүү эл – күчтүү өлкө" аталышында форум өтүүдө

Бишкекте этникалар аралык мамилелерге жана "Кыргыз жараны" концепциясын жүзөгө ашырууга арналган "Бирдиктүү эл – күчтүү өлкө" аталышындагы форум өтүүдө.

Форумга мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, министрлер кабинетинин, этникалык азчылыктардын, көптөгөн коомдук бирикмелердин өкүлдөрү жана диаспоралардын мүчөлөрү катышууда.

Эскерте кетсек, Кыргыз жараны — улутуна, диний, социалдык жана аймактык таандыктыгына карабастан, КР Конституциясына ылайык укуктарга жана милдеттерге ээ болгон Кыргыз Республикасынын жараны.

"Кыргыз жараны" түшүнүгү өлкөнүн – Кыргыз Республикасынын аталышынан келип чыккан жана бардык этностук жамааттарды этномаданий өзгөчөлүгүн сактоо менен бириктирген жалпы жарандык иденттүүлүк болуп саналат.

Концепция беш артыкчылыктуу багыттан турат:

  • жарандык иденттүүлүк жөнүндө аң-сезимдүү түшүнүктү калыптандыруу
  • Кыргызстандын элинин биримдигин бекемдөө, толеранттуулуктуу арттыруу жана көп түрдүүлүктүн баалуулугун сактоо;
  • мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана алдыга жылдыруу, ошондой эле көп тилдүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү;
  • башкаруу жана чечимдерди кабыл алуу процесстерине жетүүдө бирдей шарттарды түзүү;
  • саясий институттарга жана мамлекеттик органдарга ишенимди жогорулатуу.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү