Саясат

Акылбек Жапаров БУУнун өкүлү менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Улуттук өнүгүү форуму-2023: «Жакырчылык жана теңсиздик» форумунун алкагында БУУнун Кыргызстандагы кеңсесинин туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Кыргызстан менен БУУ агенттиктеринин ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланган жолугушууда министрлер кабинетинин төрагасы «БУУнун туруктуу өнүгүү максаттары биздин өлкөнүн мамлекеттик саясатынын негизи болуп саналат жана Кыргызстанды узак мөөнөттүү өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына киргизилген» деп белгиледи.

Министрлер кабинетинин башчысы «БУУнун 2023-жылга жарыяланган туруктуу өнүгүү баяндамасына ылайык, Кыргызстан ТӨМдү ишке ашырууда олуттуу ийгиликке жетишип, БУУга мүчө 166 мамлекеттин ичинен 45-орунду ээлеген», - деп белгиледи.

Тараптар ошондой эле борбор калаадагы абанын булганышы көйгөйүнө жана анын себептерине өзгөчө көңүл бурушту.

Бул багытта министрлер кабинети тарабынан экологиялык таза энергия булактарын ишке киргизүү, калктын электромобилдерге өтүүсүн өбөлгөлөө, ошондой эле коомдук транспорттун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча активдүү чаралар жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди.

Тараптар ошондой эле мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү, креативдүү экономика чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты жана тоо-кен тармагынын күн тартибине кеңири токтолушту.

«2022-жылдын декабрь айында Кыргызстандын демилгеси менен БУУ Башкы ассамблеясы резолюция кабыл алып, анда 2023-2027-жылдар «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттер» катары жарыяланган», - деди Акылбек Жапаров жана бул Глобалдык иш-аракеттер планын биргелешип ишке ашырууга активдүү катышууга чакырды.

Жыйынтыгында тараптар 2023-2027-жылдарга макулдашууларды жана алкактык келишимдердин артыкчылыктуу багыттары боюнча иш алып барууда мамлекеттик органдар менен БУУ түзүмдөрүнүн ортосундагы өнөктөштүктү жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө умтуларын ырасташты.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү