Интервью

Данияр Медеров: БААУ жогорку класстагы адистерди даярдайт

“Кыргызстан” камсыздандыруу компаниясынын башкы директору, “Азия банкынын” директорлор кеңешинин мүчөсү Данияр Медеров менен ишмердүүлүгү жана өзү бүтүргөн Борбордук Азиядагы Америка университети тууралуу маектештик.

 

«Кыргызстан» камсыздандыруу компаниясы Кыргызстандын камсыздандыруу рыногундагы алгачкы компания эсептелет. Ал 1991-жылы 5-июлда түзүлгөн. 2018-жылы компанияга камсыздандыруучунун каржылык туруктуулугу боюнча эл аралык рейтинги (IFS - Insurer Financial Strength) ыйгарылган: "B-", "Туруктуу прогноз". “Кыргызстан” камсыздандыруучу компаниясы беделдүү уюмдан эл аралык рейтинг ыйгарылган биринчи жана жалгыз ишкана болуп калды.

Кыргызстанда камсыздандыруу рыногунун түптөлүшүнүн башында «Кыргызстан» компаниясы турган. Мамлекеттин колдоосунун, камсыздандыруу секторунун инструменттерин ишке киргизүүнүн аркасында рынок динамикалык өнүгүү стадиясында турат жана камсыздандыруу маданияты өсүп жатат.

БААУга чейин жана кийин

Мен Борбордук Азиядагы Америка университетинен билим алганыма абдан сыймыктанам. Эл аралык бизнес укугу департаментин бүтүргөм жана жаңы түзүлгөн Юриспруденция жана укук факультетинин бүтүрүүчүлөрүнүн экинчи агымынын студентимин. 2004-жылы окууну аяктагандан бери БААУ өзүн университет катары көрсөтүп, өсүп-өнүгүп, жогорку квалификациялуу адистерди даярдап келе жатат деп ишенимдүү айта алам. Университетте кайсыл жакка карай багыт аларыңды аныктап, жетилип, өз алдынча сапар алууга даяр болосуң.

Эл аралык жана ишкердик укук факультетин аяктагандан кийинки алгачкы жылдары мамлекеттик структураларда: Финансы министрлигине караштуу Кирешелер комитетинде, Мамлекеттик салык кызматында юриспруденция тармагында иштедим. Магистратураны Улуу Британияда, Шотландиядагы University of Dundee окуу жайында мунай мыйзамдары жана саясаты адистиги боюнча бүтүргөм. Кыргызстандагы кийинки профессионалдык ишмердүүлүгүм түрдүү тармактарда: мунай ишмердүүлүгү, курулуш сектору, бажы жана брокердик кызматтарда иштеп, коомдук ишмердүүлүк менен да алектендим. Андан соң, Эл аралык ишкерлер кеңешинде жетекчинин орун басары болуп эмгектендим, ал жерде команда менен бирге ири бизнести коргоо менен алектендик. Бизнес-ассоциациядагы жумушум менин ишмердүүлүгүмдүн жемиштүү мезгили болду.

Учурда «Кыргызстан» камсыздандыруу компаниясынын жетекчисимин. Ошондой эле, Эл аралык ишкерлер кеңешинин директорлор кеңешинин төрагасы жана “Азия банкынын” директорлор кеңешинин мүчөсүмүн.

Өзгөрүүлөр тууралуу

Өзүмдүн жеке мисалымда айта алам: БААУнун эл аралык укук факультетин бүтүргөндөн  кийин юриспруденцияда гана эмес, финансы, камсыздандыруу, банк иши сыяктуу маанилүү тармактарда иштеп кетсе болот. Университетте билим берүүнүн жана окутуунун сапатынын деңгээли жогору. Борбордук Азиядагы Америка университети жогорку класстагы адистерди даярдай турганын өзгөчө белгилегим келет. Биздин университеттин ар бир студенти билимдин сапатына басым жасаган бардык талаптарга баш ийип, окуу процессине олуттуу жана жоопкерчиликтүү мамиле кылат. БААУнун студенттери академиялык чынчылдык принциби университеттин приоритети экенин жакшы билишет, түшүнүшөт жана кабыл алышат.

Эсте калган студенттик учурлар

БААУ – бул батыштын билим берүү системасы. Мында окутуу менен окуудан тышкаркы  студенттердин иш-аракеттери айкалышып турат. Студенттер дайым студенттик турмушка жана коомдук маанилүү иш-чараларга натыйжалуу катышат. Студенттер арасындагы ынтымак руху алардын баарлашуусунан жана тыгыз мамилесинен байкалып турат. Мен БААУнун бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик маанилүү жана жогорку кызматтарды ээлегени менен сыймыктанам. Мен дагы өз учурунда ушул жерден билим алып, бүгүнкү күнү өлкөбүздүн жыргалчылыгы үчүн иштеп келем.

Студенттерге жана абитуриенттерге кеңеш

Билим - бул адамдын келечегинин негизи. Үйрөнүүгө, билим алууга убакыт болуп турганда бул процесске толугу менен өзүңөрдү арнагыла. Окуу процессинен максималдуу пайда алып калгыла. Менин тилегим: окууга болгон каалоону өстүрүп, кызыгуу менен билим алгыла. Студенттик жашоодо жана нетворкинг процессинде активдүү болгула.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү