Интервью

Улукбек Турдубеков: БААУ – ой жүгүртүүмдү өзгөрткөн окуу жай

Улукбек Турдубеков 2015-жылы БААУнун эл аралык жана коммерциялык укук факультетин бүтүргөн. Учурда Филипп Моррис эл аралык уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси. 

 

Борбордук Азиядагы Америка университетине окууга тапшырууга эмне себеп болду?

- Физика жана математика менин абдан жакшы көргөн предметтерим эле. Ал эми тил үйрөнүүгө болгон сүйүү апамдан өткөн. Апам кыргыз жана орус тили боюнча доцент жана филология илимдеринин доктору. 10-классымда англис тилин үйрөнүп, 11-класста окуп жүргөндө БААУга тапшыргам. ЖРТдан алтын сертификат алгам.

Табият илимдерин жакшы көргөнүм менен менен университетте гуманитардык багытты тандадым. Юриспруденцияны акыл токтотуп, жети өлчөп бир тандадым. Филология же  философияга барсамбы деп көп ойлодум. Бирок туура тандап, туура ойлонгон адам кандай гана кесип болбосун өздөштүрүп кетерин түшүндүм.

- БААУ сиздин жашооңузга кандай таасир тийгизди?

- Университетти артыкчылык диплому менен аяктап, Дастан Бекешев менен Жогорку Кеңеште иштей баштадым. Ал кезде да студент элем. Дастан мырза менен азыркыга чейин дос болуп калдык. 3-курста окуп жүргөндө адвокаттар коллегиясынын директорунун орун басары болуп дайындалдым. Бул албетте мыкты жетишкендик, бирок тилекке каршы, мен студенттик мезгилдин жыргалын көрбөй калдым. Окуудан тышкары дайыма иштедим. Кээде Анара Исламовна Сарыгулова уюштурган Diversity Week жумалыгы сыяктуу иш-чараларда, музыкалык-поэтикалык кечелерди алып барып калат элем. Бир эле мезгилде  ЕККУда, Эсеп палатасында стажировкадан өттүм.

4-курстан кийин ар кайсы уюмдардан сунуштар түштү. Арасынан “Кыргызалтындын” “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруу бөлүмүн тандадым.

Андан кийин Эл аралык ишкерлер кеңешине чакыруу алып, ал жерде 1,5 жыл иштедим. Эл аралык ишкерлер кеңеши ири бизнестин бардык тармактарын жана банк секторун бириктирген ири бизнес-ассоциациялардын бири.

Өлкөдөгү эң ири алтын казуучу компаниялардын бири болгон “Чаарат Заав” компаниясында ишимди уланттым. Бул ишкана Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы “Чаарат” алтын кенинде геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүп келген. Анын негиздөөчүсү - Лондон фондулук биржасынын (AIM) альтернативдик инвестиция рыногунда катталган Chaarat Gold Holdings Limited компаниясы. Компания өлкөдөгү үчүнчү чоң кен деп эсептелет.

Долбоордун алкагында биз ири инвестициялык программаларды ишке ашыра баштадык, ири инвесторлорду тартып, Лондондо ЕРӨБ менен биргеликте 2017-2020-жылдар аралыгында Кыргызстан тууралуу инвестициялык форумдарды өткөрдүк. Бул жерде 6 бөлүмдүн башчысы болууга жетиштим. Ал эми юрист кызматынан директорлор кеңешинин кеңешчиси кызматына көтөрүлүп, компаниянын GR (Өкмөт менен байланыш) менеджери болдум.

Андан кийин Дүйнөлүк банктын DCASA долбооруна өттүм. Санариптик инфраструктура долбоорунун жетекчиси катары салык кызматын модернизацияладык. Учурда IFC( International Finance Corporation) World Bank Group иштейм. Бул инвестициялык климат долбоору. Ошол эле учурда USAIDдин 20 миллиондук долбооруна ишке орношуп, бизнес-чөйрөнү жакшыртуу долбоорунун жетекчисимин. 2020-жылы Дастан Бекешев менен биргеликте “Коомдук фонд” түзүп, юридикалык фирма түзүп жатабыз. Жакында эле Philip Morris International эл аралык уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси болуп дайындалдым.

Окууну аяктагандан кийин танк аскеринде кызмат өтөп, лейтенант наамын алдым. Аскерде кызмат өтөп жүргөндө жубайыма үйлөнүү сунушун киргиздим. Жубайым дагы БААУнун Европа таануу факультетин бүтүргөн. Аты Асел Мурзабаева, менден 2 жаш кичүү. Учурда GIZде (Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit) иштейт. Экөөбүздүн баш кошконубузга 4 жыл болду, ата-энелерибиз кесиптеш болгондуктан бири-бирин жакшы билишет. Азыр 3 жашар Айлин аттуу кичинекей кызыбызды тарбиялап жатабыз.

Студенттик кезимден Анара Исламовна Сарыгулова уюштурган музыкалык-поэтикалык кечелер жакшы эсимде калыптыр. Анара Исламовна окуучулардын тил үйрөнүүсүн жакшыртуу үчүн музыкалык кечелерди уюштурчу. Бул кечелерде студенттер ыр, поэма окуп, адабий табитин өстүргөн. Мен дайыма бул кечелерде алып баруучу болуп, классташтарымдын канчалык таланттуу экенине таң калчумун. Студенттер арасындагы олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарга ээ болгон көз ирмемдер эстен кетпейт.

Студенттик кезимде мен испан тили ийримине катышып, испан бийлерин үйрөнгөнүмдү унутпайм. Гильермо Браводон испан курстарын да окугам. Азыр жумуштар менен Испанияга көп барам. Тил билген дил билет дегени туура, испан тили мага көп жолдорду ачып жатат.

- 20 жаштагы Улукбекке кандай кеңеш берет элеңиз?

- Биринчиден, коркпо дейт элем. Эртеңки күндүн табышмактыгы адамдын коркунуч сезимдерин ойготуп турат. Жашоо күтүүсүз окуяларга бай, эртең эмне болорун билбейсиң. Бардык кыйынчылыктарды ыраазы болуу менен кабыл алышыбыз керек. Ар бир кыйынчылыктын артынан дайыма кубаныч келет. Экинчиден, эч нерсени жүрөгүнө жакын кабыл алба деген кеңешти айтам. Ал эми баарына айта турган эң чоң кеңешим - адам өзүн бир жумушка арнашы керек деген жаңылыш ой. Жашоо алда канча кызыктуу. Мисалы, бир китепти окуп жатып, ошол эле учурда бир нече китепти окуй аласыз.

- Азыркы жаш муунга кандай кеңеш берет элеңиз? Кандай китептерди сунуштайсыз?

- Адатта баары Ли Куан Юнун "Үчүнчү дүйнөдөн биринчиге" сыяктуу китептерди сунушташат. Мен З.В.Савкованын «Чечендин өнөрү» китебин абдан жакшы көрөм. Бул китепти Анара Исламовнанын сунушу менен окуп калдым эле. Анда тилдин мааниси жөнүндө маселе көтөрүлөт. Эмне үчүн тил маанилүү? Тил аркылуу аң-сезимибизди, дүйнө таанымыбызды кеңейтип, ой жүгүртүүбүздү өстүрөбүз. Мен ушул китепти сунуштайм, китеп тил - дүйнөнү түшүнүү куралы экенин түшүнүүгө жардам берет. Мен көбүрөөк классиканы сунуштайт элем. Менимче, Жек Лондон китепке болгон сүйүүнү ойготот. Мага Ноа Харари жана анын “Homo Deus”, “Sapiens” китептери абдан жагат. Нух - тарыхчы, саясат таануучу жана саясый экономист, аалам жана дүйнө тааным жөнүндө сөз кылган адам. Адам эн биринчи акылын токтотуп алышы керек деп эсептейм.

- Жалпы билим берүү системасы, анын ичинде БААУ жөнүндөгү оюңуз?

- Биздин билим берүүбүз эч качан жаман болгон эмес деп эсептейм. Азырга чейин классикалык советтик жана Болониялык билим берүү системаларынын ортосунда карама-каршылык жүрүп жатат. Бирок, кайда окуба каалоо жок болсо эч кандай жыйынтык болбостугун баары эле түшүнүп калды. Бир эле учурда Жалал-Абад менен же Нарында билим алса болот.  Ааламдашуу жана дүйнөлүк интеграция онлайн окууга да мүмкүнчүлүк берип жатат. Анткени, дээрлик бардык маалыматтар коомдук доменде. БААУда ар бир адамдын пикиринин орду бар экенин, критикалык ой жүгүртүүнү жана лидер болууну үйрөтүшөт. Ал эми дүйнөнүн кооздугу - анын көп түрдүүлүгүндө.

- БААУ сиз үчүн?

- Мен үчүн БААУ жашоонун жаркын жана унутулгус бөлүгү. Студенттик жылдар ар бир адамга өзгөчө көз ирмемдерди тартуулайт. Түйшүксүз, милдетсиз, жаштыктын өткөөл мезгили. БААУдагы маданий алмашуу, Багыт жумалыгы жана Ар түрдүүлүк жумалыгы мен үчүн өзгөчө мааниге ээ. Мен ар кандай улуттагы көптөгөн адамдар менен тааныштым жана бул маданий алмашуу мага жана менин түшүнүгүмө олуттуу таасир этти. Ошондуктан, БААУ мен үчүн, биринчиден, менин оюмду өзгөрткөн жер.

- БААУнун Кыргызстандагы мааниси жөнүндө эмне дейсиз?

- Борбордук Азиядагы Америка университети биздин өлкө үчүн стандарттуу эмес, заман агымына жараша дүйнөлүк стандарт менен ой жүгүрткөн жаштардын очогу. Университет туура багытта баратат: бизнес-коомчулуктар, мамлекеттик органдар менен иштешет, бир нече курулуш долбоорлорун, бир нече инновациялык долбоорлорду иштеп чыгууда. Андан сырткары, БААУ билим берүү менен эмгек рыногун да анализдеп турат. Ага айкалыштыра кадрларды даярдайт.

- Студенттерге кеңешиңиз?

- Баарын жүрөгүңөргө жакын кабыл албагыла, коркпогула жана дайыма аракетте болгула. Жашоо ушунчалык кызыктуу. Жасабай туруп өкүнгөндөн көрө, аткарып көрүп өкүнүп калган жакшыраак. Мунун баары тажрыйба болуп, алдыда жаңы багыттарга чырак болуп берет.

 

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү