Энергетика
Кыргызстан күз-кыш мезгилинде 17,4 млрд кВт/саат электр энергиясын керектейт
Кыргызстан 2023-2024-жылы күз-кыш жылытуу мезгилинде жалпы 17,4 млрд киловатт/саат электр энергиясын керектейт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Министрдин айтымында, анын 14,2 млрд кВт/сааты Кыргызстанда өндүрүлсө, 3,2 млрд кВт/саатын коңшу өлкөлөрдөн импорттойт.
"Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиясынын 13,4 млрд кВт/с Токтогул каскадындагы ГЭСтерде, ал эми 1,9 млрд кВт/с Бишкек Жылуулук электр борборунда өндүрүлөт", - деди министр.
Ал белгилегендей, Кыргызстан электр энергиясын Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан импорттойт. Учурда Россия жана Түркмөнстандан электр энергиясы келүүдө.