Энергетика

Бишкекте "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу боюнча үч тараптуу жолугушуу өттү

Кечээ, 5-сентябрда Бишкекте "Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо долбоорун биргелешип ишке ашыруу жөнүндө" макулдашуу долбоорун даярдоо боюнча жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын тармактык жана энергетикалык ведомстволорунун өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын башында аталган үч өлкөнүн энергетика министрлери тарабынан Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну жана пайдаланууну ишке ашыруу боюнча Жол картасына кол коюлган.

Келечектеги ГЭСтин кубаттуулугу 1 миң 860 мегаватт болот. ГЭСтин суу сактагычынын көлөмү 5,4 млрд куб метрди түзөт. Станция жыл сайын орто эсеп менен 5,6 млрд киловатт саат электр энергиясын өндүрөт. Долбоорду 2025-жылдын аягына чейин ишке ашыруу пландалууда.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү