Энергетика
Аламүдүн-1 ГЭСинин биринчи агрегаты капиталдык оңдолуп бүттү
Аламүдүн-1 ГЭСинин биринчи гидроагрегатына жүргүзүлгөн капиталдык оңдоо иштери соңуна чыкты. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, "Чакан ГЭС" ААК күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында утурумдук жана капиталдык оңдоо иштерин улантууда. Оңдоо иштери жай мезгилиндеги сугат иштерине байланыштуу суунун көлөмү аз болгон учурда жүргүзүлөт.
Бул суунун куру кетишин азайтып, планга толук чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Жума ичинде "Чакан ГЭС" Аламүдүн-1 гидроэлектростанциясында биринчи гидроагрегатында жүргүзүлгөн капиталдык оңдоо иштери соңуна чыкты. Капиталдык оңдоо иштерин аткарууга "Чакан ГЭС" ААКтын турбиналык участогу, электротехникалык участогу, релейлик коргоо жана автоматика кызматынын адистери жана четтен адистештирилген компания тартылды.
Энергетиктер жабдууларды толук чачып, эскилиги жеткен тетиктерди алмаштырган. Мындай оңдоо иштерин алып баруунун негизги максаты – бул гидроагрегаттын бардык механизмдеринин абалын текшерүү, тетиктердеги дефекттерди жокко чыгаруу, жабдууларды калыбына келтирүү болуп саналат. Оңдоо иштери көп жылдык пландын негизинде жүргүзүлөт. ГЭСтин экинчи гидроагрегаты да июль айында капиталдык оңдоого чыгарылат.
Аламүдүн-1 гидроэлектростанциясы 8 станциядан турган Аламүдүн ГЭС кыркаларынын экинчи тепкичи болуп саналат. Ал 1945-жылы ишке берилген, жалпы кубаттуулугу 2,2 мегаватты түзөт, башкача айтканда, ар бир гидроагрегаттын кубаттуулугу 1,1 МВт.