Энергетика
Жашыл экономика: Кыргызстан менен Германиянын кызматташтыгы
Расмий иш сапары менен Кыргызстанга келген Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Германия энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында тажрыйба алмашууга даяр экенин билдирди. Кыргыз тарап да европалык өнөктөштөрдү кайра жаралуучу жана экологиялык жактан таза энергия булактарын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго катышууга чакырды.
“Азыркы учурда бизде "жашыл" экономиканы өнүктүрүү Программасы ишке ашырылууда, "жашыл" энергетиканы өнүктүрүү Фонду түзүлдү, орто жана чакан ГЭСтерди куруу боюнча ондогон долбоорлор ишке ашырылууда. Буга байланыштуу Германия тарапка Кыргызстандагы "жашыл долбоорлорго" инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштайбыз. Аларды биргелешип ишке ашыруу Париж Келишиминин алкагында климаттык жана экологиялык максаттарга жетүү менен өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө салым кошо алмак”, - деди Садыр Жапаров.
Президент өз сөзүндө Кыргызстан климаттын глобалдык өзгөрүшүнүн фонунда тоолуу аймакта көбөйүп жаткан чакырыктарды жана коркунучтарды эске алуу менен Германиянын "Жашыл Борбор Азия" демилгесин натыйжалуу ишке ашырууга кызыкдар экенине басым жасады.