Энергетика
Астанада гидроэнергетика боюнча эл аралык конгресс өтүп жатат
Астана шаарында “Борбордук Азия жана Каспий гидроэнергетикасы” аталышындагы эл аралык конгресс өтүп жатат. Конгресске Борбордук Азия, Каспий аймагы, Европа, Кытай, Канада жана башка өлкөлөрдөн 200дөн ашык катышуучу келди.
Кыргызстандан барган делегат Дүйшөнбек Муратовдун айтымында, конгрессте аймактагы энергетиканын абалы, коопсуздугу жана жакынкы келечеги талкууланып жатат.
“Борбордук Азия жана Каспий гидроэнергетикасы” VII эл аралык конгресси жана көргөзмөсү – бул курулуш боюнча бир катар долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн мамлекет жана бизнес өкүлдөрүнүн диалогу, тажрыйба алмашуу, чечим издөө, күч-аракеттерди бириктирүү жана региондогу (Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Азербайжан, Иран, Россия, Грузия, Түркия, Армения) ГЭСтерди модернизациялоону талкуулоо үчүн уникалдуу аянтча.
Казакстандын энергетика министрлиги жана “Самрук Энерго” уюштуруп жаткан конгрессте курулуш жана модернизация боюнча 30дан ашык перспективдүү инвестициялык долбоорлор көрсөтүлөт жана 2030-жылга чейин коюлган максаттарга жетүү жолдору каралат.